diff --git "a/data/ky/ky_docs.json" "b/data/ky/ky_docs.json" deleted file mode 100644--- "a/data/ky/ky_docs.json" +++ /dev/null @@ -1,137 +0,0 @@ -{ - "1031_p0": "Кыргызстан же Кыргыз Республикасы (КР) — Борбордук Азияда жайгашкан мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө.", - "1031_p153": "Евразия\nАзия өлкөлөрү\nБорбордук Азия\nУнитардык республикалар\nКыргыздар", - "1031_p1": "Кыргызстан — унитардык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, президенттик мамлекет.", - "1031_p2": "Борбор шаары — Бишкек, калк боюнча республиканын эң ири шаары. Анын туруктуу калкы 1 миллион адамдан ашат.", - "1031_p110": "Туруктуу калктын көпчүлүгү республиканын түштүк аймактарында турат — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары ( 3,4 млн жашоочу же республиканын калкынан 53 %), алардын тургундары негизи Фергананын кыргыз бөлүгүндө турушат. Дагы калктын бир кыйла бөлүгү Чүй өрөөнүндө жашайт (Чүй облусу жана Бишкек шаары; 1,9 млн жашоочу же республикасынын калкынан 31 %).", - "1031_p150": "A — Баткен облусу\n В, Е — Бишкек шаары\n D — Жалал-Абад облусу\n I — Ысык-Көл облусу\n H, N — Нарын облусу\n О — Ош облусу жана шаары\n С, S — Чүй облусу\n Т — Талас облусу\n Z — Ош шаары\n MVD — Ички Иштер Министрлиги\n KG — Мамлекеттик белгилер\n MES — Өзгөчө кырдаалдар Министрлиги\n ВР — Башкы Прокуратурасы\n АР — Аскер Прокуратурасы\n УГ — Улуттук гвардия\n БА, КМ — Коргоо министрлиги\n ЧК — Чек ара кызматы\n ЖК — ГУИН", - "1031_p24": "1867-жылы Кыргызстанда Орусиянын административдик-аймактык башкаруусу иштей баштаган. Падышалыктын журт котортуучулук жана салык саясаты улуттук жана экономикалык эзүүнү күчөтүп жиберген. Орто Азия элдеринин биринчи антиколониялык козголоңу Фергана өрөөнүндө 1898-жылы Анжиян шаарында болгон.", - "1031_p66": "Жайгашкан жери \nКыргызстандын деңизге чыга турчу жери жок. Толугу менен Түндүк жана Чыгыш жарым шарларында жайгашкан, түндук кеңдигинин 39°11′—43°16′ жана чыгыш узундугунун 69°15′—80°18′ аралыгында. Өлкөнүн чыгышттан батышка карай 900 км, түндүктөн түштүккө карай 410 км созулат. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет.", - "1031_p47": "Ошол эле жылдын 24-апрелинде (б)ОКП БКнын Ортоазиялык бюросу «Орто Азия республикаларынын (Түркстан, Бухара, Хорезм) улуттук бөлүштүрүшү жөнүндө» токтом кабыл алган. Белгилеп кеткенде ал учурда планданган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун кайсы республикасынын курамына кириши маселеси ачык турган. Даярдык иштери сентябрь айында аяктады. 1924-жылдын 16-сентябрында Түркстан АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) кезексиз сессиясы Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү жөнүндө токтом кабыл алган. Бул токтом 1924-жылы 14-октябрда Бүткүл орусиялык борбордук аткаруу комитетинин (БОБАК) 2-сессиясында бекитилген. Ошону менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (1925-жылдын майында Кыргыз автономиялуу облусуна аталышы өзгөртүлөт) ОСФСРдин курамында түзүлгөн.", - "1031_p6": "Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ошондой эле өлкө КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк Кеңешинин, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар уюмдардын мүчөсү.", - "1031_p113": "Өлкөнүн калктын негизи — 4,89 млн ашуун адам бул кыргыздар, республикасынын бардык аймактарында жашашат. Саны боюнча экинчилер болгондор бул өзбектер — 0,98 млн ашуун адам, көпчүлүгү Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жашашат. Үчүнчү орунду орустар ээлешет — 0,34 млн адам, негизи өлкөнүн түндүк аймактарында турушат. Башка улуттардын саны 100 миң кишиден ашпайт.", - "1031_p68": "Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Шахимардан, Чоң Кара-Калча, Таш-Дөбө жана Тажикстандын Ворух, Батыш Калача деген анклавтары бар. Ошондой эле баргана (фергана) өрөөнүндө Өзбекстандын аймагы менен курчалган Кыргызстандын эксклавы ― Барак айылы бар. Талаш тилкелеринде улам чыр-чатактар болууда, алар кээ бир учурларда куралдуу кагылышууга да алып келет. Акыркы эң ири куралдуу жаңжал ― 2021-жылы 28-апрелден 1-майга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон.", - "1031_p149": "Кыргыз Республикасынын аймак жана башкармалыктарга бекитилген унаанын тамга белгилери", - "1031_p50": "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кийинки өнүгүүсү", - "1031_p90": "Кыргызстанда ар кандай статустагы 88 өзгөчө корголучуу жаратылыш аймак (ӨКЖА): жаратылыш коруктар, жаратылыш сейил бактар, өзгөчө коруктар, биочөйрөлүк аймактар жана башкалар. ӨКЖАнын жалпы аянты 1 476 121,6 га, же 14 761,21 км² (республиканын аянтынан 7,38 %) түзөт.", - "1031_p103": "Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик:\n7 облус;\n40 район;\n32 шаар (алардын ичинен 2 республикалык маанидеги шаар, 12 облустук маанидеги шаар, 18 райондук маанидеги шаар);\n452 айыл аймагы.", - "1031_p69": "Кыргызстандын аймагынын 3/4 бөлүгүн тоолор ээлейт. Өлкөүн аймагы эки тоо системаларынын айланасында жайгашкан. Түндүк-чыгыш бөлүгү Ала-Тоого (башка аталышы Теңир-Тоо) кирет, түштүк-батыш тарабы ― Памир-Алай тоолоруна карайт. Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 м жогору бийиктикте жайгашкан. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 м. Кыргызстандын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана болжол менен үчтөн бири — 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Бийиктиги 7439 м түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери, ошондой эле дүйнөнүн эң эле түндүк тарабындагы жети миң метрге жеткен чоку. Чыгышта Теңир-Тоонун негизги тоо кырлары басымдуу тоо кырын түзүп, Меридиандык тоо кырынын районунда жакындашып кетет. Кытай жана Казакстан менен чектешкен жерде Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңири (7010 м же муз катмарын эсептебегенде 6995 м) көтөрүлүп турат. Кыргызстандын батыш тарабы Батыш Теңир-Тоодо жатат. Анын маанилүү орографиялык элементтери:", - "1031_p72": "Кыргызстандын башкы орографикалык элементтери:", - "1031_p73": "Ак-Шыйрак тоо кыркасы;\n Какшаал-Тоо;\n Күңгөй Ала-Тоо;\n Тескей Ала-Тоо;\n Кыргыз Ала-Тоо;\n Фергана тоо кыркасы.\nРеспубликанын эң жапыз жери — 401 метр Кулунду айылына жакын жерде жайгашкан.", - "1031_p71": "Түштүктө Түркстан тоо кыркасынын түндүк жантаймасы, Алай тоо кыркасы, Алай өрөөнү жана Памирдин түндүк чети болгон Чоң-Алай тоо кыркасынын түндүк жантаймасы Кыргызстанга карайт. Чоң-Алай тоо кыркасынын эң бийик жери ошондой эле Кыргызстандын бийиктиги боюнча экинчи жери ― Ленин чокусу (7134 м). Түштүк-батышта Фергана өрөөнүнүн түндүк, чыгыш жана түштүк чет жактары Кыргызстанга карайт.", - "1031_p70": "Талас өрөөнү;\n Талас Ала-Тоо;\n Чаткал тоо кыркасы.", - "1031_p54": "Улуу Ата мекендик согушта Кыргызстандын эли да өзүнүн татыктуу салымын кошкондугун белгилей кетүү керек, кан майданга 360 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алар баатырларча салгылашкан, 73ү Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, 21и үчүнчү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Кыргызстан өлкөнүн бирдиктүү аскердик-чарбалык организминин ишенимдүү бастиону болуп калды. Эвакуацияланган ишканалар калыбына гана келтирилбестен, ошондой эле өзүнүн өндүрүштүк кубатын кеңейтишкен.", - "1031_p146": "Казакстан – бар – Бишкек бутагы – ошол эле өлчөм\n Өзбекстан – бар – Ош бутагы – ошол эле өлчөм\n Тажикстан – жок – ошол эле өлчөм\n Кытай – жок – Колейанын Ажырымы 1524 мм / 1435 мм", - "1031_p122": "Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.", - "1031_p141": "Жогорку окуу жайлар \n Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту\n Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш Университети\n \"Ала-Тоо\" Эл аралык университети\nБорбордук Азиядагы Америка университети \n Экономика жана ишкердик университети \n Академик М. Адышев атындагы Ош технология Университети\n Бишкек каржы-экономикалык академиясы \n Бишкек гуманитардык университети \n Кыргыз экономикалык университети \n Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик Юридикалык Академиясы \n И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы\nКыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясы \n К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университети \n Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети\n Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети\n С. Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университети \n Ош Мамлекеттик университет\n Ош технологиялык универститети \n Ош Педагогикалык институту \n Ош мамлекеттик социалдык университети \n МГСУ Ош филиалы\n Ош Борбордук Азия Университети\n Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясы\n атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети\n Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети (\n Кыргыз-орусиялык Славян университети\n И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык Университети\n Борбордук Азиядагы Эл-аралык Университети\n ��ыргызстан Эл-аралык Университети \n Кыргыз-Түрк «Манас» Университети \n Жалал-Абад Мамлекеттик Университети\n Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясы", - "1031_p74": "Кыргызстанда кескин континенттик, кургакчылыкка учурай турган климат, аны бийик тоолу рельефинен булут каптыгандык менен жаан-чачын артыганы бир аз жумшартат. Мындай болушуна үч фактор себептүү: Тундүк жарым шарында, Евразиянын борборунда жайгашкандыгы, олуттуу суу жайларынан алыстыгы жана чөлдөрдүн жакындыгы.", - "1031_p43": "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жол", - "1031_p34": "Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз жана өзбек байларды, интиллегенциянын өкүлдөрүн жана ислам диниятчыларды бириктирген «Шура-и-Ислам» партиясынын жергиликтүү бутагы түзүлгөн. Аны Таш Кудайбергенов башкарган. Уюмдун негизги саясий талаптарынын бири Орусиянын ичинде Түркстандын улуттук-диний автономиясын түзүү болгон. Уюм жеке менчиктин, анын ичинде жерге да сакталышын жактаган. Ошондой эле «Туран» партиясы Кыргызстандын азыркы аймагында жергиликтүү уюмдарын түзүп баштаган.", - "1031_p19": "Орто Азияны Чыңгыз хан жеңип алуусу менен Чагатай улусу түзүлгөн. Алардын артынан Хайду жана Моголистан мамлекеттери пайда болгон. Моголистандын тушунда тарыхый аренага кыргыздар чыгышкан. Моголистандык тарыхчы Мухаммед Хайдар аларды “Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. Бул алардын аталган региондогу саясый артыкчылыгын күбөлөп турат.", - "1031_p91": "Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда: 10 жаратылыш корук; 13 жаратылыш сейил бак; 64 өзгөчө корук; 1 биочөйрөлүк аймак.", - "1031_p20": "XV—XVI кылымдардын экинчи жарымында кыргыздар өздөрүнүн азыркы этникалык кебетесине келишкен жана негизинен Тянь-Шань менен Памир-Алай аймактарын ээлеп турушкан.", - "1031_p14": "Сактардын жолун улоочулар усундар болушкан. Жети-Сууну, Жунгарияны жана Борбордук Тянь-Шанды ээлеп, алар мында байыркы мамлекеттердин бирин түптөшкөн. Усундун төбөлү Күнбаг (ккэ бир булактарда Күнбий) б. э. ч. 71-жылы Хан империясы менен бирдикте гунндарга кыйратуучу сокку урган. Ал убакта Кыргызстандын бир бөлүгү Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин курамына кирген. Даван (байыркы перси булактары боюнча – Паркана) калкы жыш жайгашкан өлкө болгон. Өзгөчө Фергана жылкыларынын атагы алыска угулган. Кытай аларды өз атчандар аскери үчүн алганга умтулган. Б. э. ч. 104—99-жылдарда Давань Хан империясы менен күрөштө көз карандысыздыгын сактап калган.", - "1031_p13": "Биздин эрага чейинки  III кылымда Борбор Азиянын территориясында гунндардын империясы өкүмдарлык кылып турган. Б. э. ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдирген. Маодундун башкаруусу кыргыз элинин тарыхында баштапкы маанилүү окуя болгон: кытай жылнаамасында 201-жылы биринчи жолу “кыргыз” этноними эскертилет.", - "1031_p128": "Бурана мунарасы \nКыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетин��н курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан.", - "1031_p143": "Аба майдандар \nКеңештер мезгилинин аягында Кыргызстанда 50гө жакын абабекет жана учуу-конуу тилкелери бар болчу, алардын көпчүлүгү негизинен Кытайга жакын жайгашкан чек ара аймагындагы аскердик максаттар үчүн курулган. Бүгүнкү күндө алардын кызмат бойдон калууда саны аябай эле аз. \"Кыргызстан\" Аба Шеркети Кытайга, Оруссияга жана башка жергиликтүү өлкөлөргө аба ташууларын ишке ашырат.", - "1031_p46": "кара-кыргыздарды башка улуттар (өзбектер, түркмөндөр, тажиктер, кайсак-кыргыздар) менен бир катарда эгемендүү улут катары таануу;\n Түркстандын партиялык жана мамлекеттик бийлигинин органдарында кара-кыргыз жумушчуларынын өкүлдөрүнүн жоктугун эске алуу менен аларды социалдык-класстык таандыктыгын эске алуу менен жогоруда аталган органдарына өткөрүү;\n кара-кыргыздардын арасында алардын эне тилинде маданий-агартуу иштери үчүн мамлекеттик каражаттарды биринчи кезекте окуу китептерин жана окуу куралдарын чыгарууга бөлүү.", - "1031_p18": "Карахан каганатынын түзүлүүсү менен (X кылымдын башы XIII кылымдар) Кыргызстандын аймагында ислам маданияты жайыла баштайт. Бул болсо шаар маданиятынын, жазуунун, адабият менен тарыхтын дүркүрөп өсүүсүн шарттаган. Улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари өздөрүнүн  улуу чыгармаларын жаратышкан.", - "1031_p104": "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү — мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган мамлекеттик аскердик уюм.", - "1031_p151": "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайты \nКыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты\n Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайты \n Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайты\nКыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий сайты", - "1031_p51": "Кыргыз ССР \nСоциализм доору Кыргызстанды кайра жаратып, аны индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Көп тармактуу өнөр жайы, курулуш индустриясы жана курулуш, транспорт, байланыш, техникалык жабдылган айыл чарбасы, соода-сатык жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү республиканын бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык курамдык бөлүктөрү болуп калды. Эмгек ресурстарын жайгаштыруу көйгөйү жалпысынан ийгиликтүү чечилип, элдин жашоо-турмушунун материалдык деңгээли жогорулаган.", - "1031_p52": "Өзгөчө отун-энергетика комплекси өнүккөн, 80-жылдарда көмүр өнөр жайынын үлүшүнө Орто Ази��да өндүрүлгөн көмүрдүн 40%ына чейини туура келген. Энергетика комплекси, түстүү металлургия ийгиликтүү өнүккөн. Анда негизги орунду сурьма, сымап, чанда кездешүүчү жана башка түстүү металлдар ээлеген. Кадамжай комбинатынын сурьмасы эл аралык базарда сапаттын үлгүсү болгон. Хайдаркан сымап комбинатынын өндүрүмдөрү дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнө жөнөтүлүп турган. Айыл чарбасында жетектөөчү ролду мал чарбасы ойногон. Кыргызстан кой чарбасынын азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн абсолюттук көрсөткүчтөрү боюнча СССРде үчүнчү орунда турган, алдыда ОСФСР менен Казакстан гана болгон.", - "1031_p102": "Административдик-аймактык бирдиктердин катарына шаар, район, облус жана айыл аймагы (бир же бир нече айылдан турган административдик-аймактык бирдик) киришет. Кыргызстан административдик-аймактык карашында 7 облус жана 2 республикалык маанидеги шаарга (Бишкек, Ош) бөлүнөт. Республикалык маанидеги шаарлардын райондору өз алдынча административдик-аймактык бирдиктер катары эсептелинбейт.", - "1031_p45": "1924-жылдын январь айында XII Бүткүл түркстандык Советтердин съездинде кыргыз (ал учурда кара-кыргыз) делегаттары (б)ОКП БКсына жана СССР БАКнын улуттар Советине Түркстандын партиясынын жана өкмөтүнүн башкаруу аппараты жалпы саны бир миллионго чейин болгон дагы бир улуттун ― кара-кыргыздардын өзгөчөлүктөрүн билбейт жана эске албайт деген кат менен кайрылшат. Кайсак-кыргыз (казак) менен кара-кыргыздын тили, чарба жүргүзүү жана жашоосу окшош болгондуктан, европалыктар аларды бир улут катары эсептешет жана Түркстандын кээ бир башкаруучулары аларды бир улутка бириктирүүгө аракет кылышат деп катта айтылат. Ал катты төмөнкү талаптар менен аякташат:", - "1031_p152": "Жалпы маалымат \nkyrgyzinfo.ru", - "1031_p59": "Эгемендүү Кыргызстан \nКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31 Баш Оонада “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештин айында Алматыда Беларусь, Орусия, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШ түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.", - "1031_p8": "Кыргызстан өлкөнүн аталышы катары азыркы чек арадагы 1924-жылы негизделген чөйрөсү тууралу айтылат. Андан тышкары азыркы учурдагы анын чөйрөсүндөгү болуп турган жана социалдык, маданий, саясий орун басуучулук менен 1991-жылы түптөлгөн мамлекетти ― Кыргыз Республикасын да билдирген кыскача, расмий аталыш.", - "1031_p93": "2021-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган конституцияга ылыйык Кыргыз Республикасы ― эгемендүү, суверендүү, демократиялык, укуктук, мамлектеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Конституцияда башкаруу формасы жазылган эмес, бирок ченемдерине ылайык — президенттик болуп саналат.", - "1031_p117": "СССРдин кулаганынан бери Кыргызстанда Борбордук Азиянын өлкөлөрүнө караганда орус тилдин пайдалануу чөйрөсү кеңейип жатканы белгиленет. Башка факторлорду эсептебегинде бул көрүнүшкө Кыргызстандын Орусияга экономика жагынан көз карандыгы себептүү.", - "1031_p114": "Тилдер \nКыргызстандын мамлекеттик тили ― кыргыз тили, расмий ― орус тили. Кыргызстандын конституциясында кыргыз тилине карата «мамлекеттик тил», орус тилине карата «расмий тил» түшүнүктөрүн колдонушу Конституциялык палатасынын (2021-жылдан Конституциялык сот) чечиминде ачыкталган:Кыргызстандын калкынын этникалык көп түрдүүлүгүн жана тарыхый түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен, Конституция расмий тил катары орус тилин алдын ала караган.", - "1031_p56": "Улуттук кесипкөй адабият кыргыз тилинде жазуунун түзүлүшү менен башталган. Улуттук жана дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орун Чыңгыз Айтматовго таандык, анын чыгармалары дүйнө элдеринин 80ден ашык тилдерине которулган. Профессионал кыргыз искусствосу: театр, музыка, көркөм сүрөт жана кинематография да ийгиликтүү өнүктү.", - "1031_p138": "Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.", - "1031_p36": "Совет бийлигинин орношу", - "1031_p25": "Кошулуу процесси кыргыздардын экономикалык жана чарбалык көнүмүш турмушунун акырындап өзгөрүүсүнө алып келген. Кыргыз элинин географиясын, табиятын, тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүү башталган. Бул прогрессивдүү көрүнүш эле.", - "1031_p7": "Этимология \n«Кыргызстан» ― өлкөнүн аталышы «кыргыз жери» дегенди билдирет. Ал «кыргыз» этнониме перс (фарс) тилинен алынган «стан» суффиксин кошуусу менен жаралган.", - "1031_p76": "Дарыялар \nКыргызстанда 30 миңге жакын дарыя. Алардын жалпы узундугу болжол менен 150 миң км, башка маалыматтар боюнча — 35 миң км. Бардык ири дарыялар тоолордун бийиктигинде башталат, негизи мөңгүлөрдүн жана карлардын эриген суулары менен азыгышат. Республиканын рельефи үчүн дарыянын тоолу жана түзөң бөлүктөрү бар.", - "1031_p105": "Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү анын аймагында жайгашкан мурдагы Советтер Союзунун Түркстан аскердик аймагына таандык аскер бөлүктөрүнүн 1992-жылдын 29-майында юрисдикциясына өтүшү менен негизделген.", - "1031_p4": "Кыргызстандын аянты 199 951 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 4,4 % түзөт.", - "1031_p38": "Кыргызстандын аймагында 1917-жылдын ноябрында Сүлүктүнүн шахтёрлору биринчилер болуп совет бийлигин жарыялашкан. Ушул эле айында ал Кызыл-Кыяда, Дмитриевкада (1944-жылдан Талас) орнойт.", - "1031_p147": "Жолдор \nАзийа Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен жакында түндүктү жана түштүк-батышты байланыштырган Бишкектен Ошко маанилүү жол айактап калды. Бул өлкөнүн эки негизги калктуу пункттарынын — түндүктөгү Чүй өрөөнүнүн жана түштүктөгү Баргана өрөөнүнүн ортосундагы байланышты кыйла жеңилдетет. Бул жолдун кесиндиси узундугу 3500 метр болгон ашуудан кийин түндүк-батышта Талас өрөөнүнө бөлүнүп чыгат. Азыркы учурда Ош шаарынан Кытайга турган башкы жолду куруу планы иштелип чыгууда.", - "1031_p80": "Агым режими боюнча Кыргызстандын дарыялары тянь-шань жана алтай типтерге киришет. Биринчи типтеги дарыялар негизи кар жана мөңгүнүн эриген суулары менен азыгышат. Мындай дарыялардын суу көлөмү жайында катуу эрүү башталганда өсөт, максимумду июль-август айлырында жетет. Алтай типтеги дарыялар негизи орточо толуу аймактардын мезгилдик кары эриши менен азыгышат. Мындай дарыялардын суу көлөмү жазында өсөт, ар кандай бийиктерде кар өз маалында эригендиктен суу ташкыны чоюлат. Жайында бул дарыялардын агымы азаят.", - "1031_p121": "Сулайман-Тоо \nСулайман-Тоо — батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу — 1140 м, туурасы — 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө болуп турат. Тоонун боорунда анын музейи да курулган. XVI кылымга чейин тоону  Бара-Кух, андан соң дээрлик XX кылымга дейре Тахты-Сулейман («Сулаймандын тактысы») деп аташкан.", - "1031_p89": "Өзгөчө корголучуу жаратылыш аймактар", - "1031_p10": "Байыркы мезгил \nКыргызстандын аймагында адамзаттын ишкердигинин алгачкы издери баштапкы же төмөнкү палеолит дооруна барып такалат. Бул учур жөнүндө  А. П. Окладников 1953-жылы Борбордук Тянь-Шандан, Он-Арча суусунун сол жээгинен тапкан таш куралы далилдеп турат. Бул таш куралын иштетүү техникасы анын даярдалган убактысын буга чейин 300 миң жыл мурда деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга окшоп жасалган курал Кыргызстандын түштүгүндө Кожо-Бакырган-Сайда табылган.", - "1031_p32": "Май айында Пишпек уездинде «Букара» кыймылы түзүлөт.", - "1031_p15": "VI кылымдын ортосунда Алтайда Түрк каганаты түзүлгөн (551—744). VI кылымдын 70-жылдарында ал күч-кубатка толуп турган. Ал Хингандан Түндүк Кавказдын түздүктөрүнө чейин, Енисейдин жогору жагынан Аму-Дарыясынын жогору жагына чейин созулуп жаткан аймакты ээлеген. 603-жылы Түрк державасын расмий түрдө Чыгыш жана Батыш каганаттарына бөлүү болгон.", - "1031_p17": "Батыш Түрк каганаты кулагандан кийин Кыргызстандын аймагында Түргөш каганаты (704—746) өмүр сүргөн. 746-жылы ага карлуктар кол салат. Карлуктар мамлекети көчмөн уруулардын күчтүү союзунан турган. VIII– IX кылымдарда Карлук каганаты Жети-Суу менен Тянь-Шанда өкүмдарлык кылган. Ушул учурда Түштүк Сибирде Енисейлик кыргыздардын мамлекети көтөрүлө баштаган. Уйгурлар менен 20 жылдык согуштун натыйжасында (820—841) кыргыздар аларды талкалаган. Уйгур каганатын талкалоо жана Борбор Азиянын кеңири аймактарын жеңип алуу Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө алып келген.", - "1031_p44": "Түркстан АССРдин партиялык жана советтик уюмдарында Орто Азиянын улуттук-аймактык бөлүштүрүшү маселеси 1920-жылдан тарта көтөрүлө баштаган. 1921-жылы Түркстан АССРдин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн, бирок бул маселе чечилген эмес. 1922-жылдын мартында Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыковдун жүзүндөгү кыргыз интеллигенция кыргыз калкы бар уезддерди Тоолуу Кыргыз облусуна бөлүп чыгарууну кайрадан сунуштады. 25-мартта Түркстан компартиясынын Борбордук комитетинин (БК) секретариаты Түркстан Республикасынын курамында ушундай аталыштагы аймакты түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Эртеси күнү Түркстан АССРдин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) кичи Президиуму Пишпек, Каракол, Нарын жана Аулие-Ата уездинин тоолу аймактарынын курамында, административдик борбору Кочкор кыштагында түзүү жөнүндө токтомду бекитти. Түштүктө жашаган кыргыздар тууралу маселе ачык бойдон калды. Бирок, улутчулдук жана уруулук мүнөздөгү ар кандай топторунун ортосунда башталган пикир келишпестиктер Пишпектеги 1922-жылдын 4-июнуна белгиленген уюштуруу съездин Сталиндин түз буйругу менен тарашына алып келген. 1922-жылдын декабрында большевиктердин Орусиялык комунисттик партиясынын ((б)ОКП) БКсы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча мурда кабыл алынган бардык документтерди мыйзамсыз деп жарыялап, съезддин чакырылышынын демилгечилерин буржуазиялык улутчулдукка жана контрреволюциялык ишмердүүлүккө айыптаган.", - "1031_p5": "Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын адамдын өнүгүү индекси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,697 (орточо) түзүп, 138 изилденген өлкөлөрдүн арасынан 120 орунду ээлеген. Советтер Союзу кулагандан бери (1991-жылы) өлкөдөн эмгек миграция калыптанган. Кыргызстандын 700 миң ашуун жараны эмгек мигрант болууда. Эмгек мигранттардын негизги агымы Орусияга (2018-жылы 640 миң ашуун) кетет, ошондой эле Казакстанда, Түркияда жана АКШда иштегендер да көп. Алардын акча которуулары ИДӨнүн үчтөн биринен ашуун түзөт. Бул көрсөткүч боюнча өлкө дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Акча которуулар өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартууга маанилүү салым кошот.", - "1031_p60": "1991-жылдан баштап, СССР кыйрагандан кийин кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылган. 31-августта Кыргызстан өзүн эгемен мамлекет деп жарыялады жана реформалоо этабы башталды. КПССтин мурдагы тоталитардык-авторитардык режими авторитардык-демократиялык режим менен алмаштырылды. Демократиялык башкаруу принциптери киргизилип, жалпы элдик (мамлекеттик) деп аталган менчиктин ордуна жеке менчикке артыкчылык берилүү менен менчиктин ар түрдүү формалары киргизилди. Пландык экономика базар экономикасына алмашты, мурда социалдык бир түрдүү коом тез эле дифференциялашып калды. Коммунисттик идеология буржуазиялык-либералдык идеологияга жол берип, жамааттык аң-сезим жекече индивидуалдуулук менен четке сүрүлдү.", - "1031_p58": "1990-ж. Жалган Куран айында СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27 Тогуз айда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15 Бештин айында Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22 Үчтүн айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5 Бирдин айында республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8 Бугу айда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19 Чын Куран айда “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.", - "1031_p67": "Мамлекеттик чек ара \nМамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 4675,17 км түзөт. Анын ичинен: 1241,58 км — Казакстан менен, 1378,44 км — Өзбекстан менен, 970,8 км — Тажикстан менен, 1084,35 км — Кытай менен. Аны менен чек аранын 823,04 км аныкталган эмес: Өзбекстан менен ― 371,34 км жана Тажикстан менен — 451,7 км. Ошентип, Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугунан 1007,1 км такталган же 73,1 %, Тажикстан менен — 519,1 км же 53,4 %. Мамлекеттик чек ара негизи тоолордун кырларынан жана дарыялар менен өтөт.", - "10897_p3": "Теңир-Тоо\nЧокулар‎\nТеңирчилик", - "10897_p0": "Хан-Теңири, Кантоо, Кантеңир — Теңир-Тоонун эң бийик чокусу. Теңир-Тоо системасындагы эң бийик чокулардын бири. Мамл. чегарадан 12 км аралыкта, Жеңиш чокусунан 18 км түн. тарапта. Бийиктиги 6995 м. Чоку пирамида сымал. Капталдары тик (түштүк боору 60°ка, түн. жагы 40—45°ка чейин). Төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мрамордон турат. Дээрлик кар-мөңгү менен капталган. Өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түштүк жана Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жергиликтүү элге эчактан бери белгилүү болгон. Алыстан көрүнгөн кар- мөңгүлүү чокуну кыргыздар Кантоо, казактар Олуячоку деп аташкан. 1755, 1780-ж. Оренбургда түзүлгөн карталарда ал Кан-тоо («гора Хан») деп аталган. 1900-ж. Сарыжаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Алмаши Хантеңир чокусунун жергиликтүү аты Кантоо деп белгилеген. Адабияттарда ороним кан (кровь), кандай кызыл деген мааниден келип чыккан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун каны (падышасы)» деген түшүнүктү туюндурары көп илимпоздор тарабынан (Мурзаев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген. Чокуга алгачкы жолу 1931-ж, 10-сентябрда М. Т. Погребецкий жетекчилик кылган украиналык альпинисттер чыккан.", - "10897_p1": "Колдонулган адабияттар \n Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2", - "1551_p0": "Өзбекстан (), расмий түрдө — Өзбекстан Республикасы () — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. Чектеш мамлекеттер: чыгышта ― Кыргызстан, түндүк-чыгыш, түндүк жана түндүк-батышта ― Казакстан, түштүк-батыш жана түштүктө ― Түркмөнстан, түштүктө ― Ооганстан жана түштүк-чыгышта ― Тажикстан.", - "1551_p25": "Өзбекстан Республикасы Каракалпакстан Республикасынан(картада - 14), облустардан (), айыл тибиндеги райондордон (), шаар тибиндеги райондордон, облус карамагындагы шаарлардан, район карамагындагы шаарлардан, айылдардан турат. Өзбекстандын борбору- Ташкен(картада - 1), борбордук кармагындагы шаардын статусуна ээ.", - "1551_p26": "Өзбекстан Республикасынын облустары:\n Анжыян облусу (2)", - "1551_p30": "Калктын улут курамы \n2000-жылга карата калктын улут боюнча бөлүштүрүүсү\n өзбектер - 28 млн. 959 миң адам (калктын 88 %)\n орустар - 399 миң адам\n тажиктер - 299 миң адам\n казактар - 390 миң адам\n каракалпактар - 504 миң адам\n татарлар - 324 миң адам\n кыргыздар - 551 миң адам (2021)\n корейлер - 164 миң адам\n түркмөндөр - 152 миң адам\n украиндер - 105 миң адам\n армяндар - 42 миң адам\n азербайжандар - 36 миң адам\n парстар - 30 миң адамдын тегерегинде\n уйгурлар - 20 миң адам\n беларустар - 20 миң адам\n кырым татарлары - 10 миң адам\n жөөтөр - 10-20 миң адамдын тегерегинде\n букар жөөттөрү - 9,7 миң адам\n түрктөр - 10 миң адам\n немистер - 7,9 миң адам\n гректер - 10 миң адам жана башкалар.", - "1551_p3": "Тарыхы \nӨзбек элинин т��рыхы Борбор Азиянын башка түрк элдеринин тарыхы менен тыгыз байланыш жана азыркы Өзбекстандын чегинен ары чыгат. Өзбекстандын аймагында эң алгачкы мамлекеттердин пайда болушу биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарга тийиштүү. Ал кезде Хорезм жана Бактрия сыяктуу мамлекеттер түзүлгөн. Заманбап Өзбекстандын аймагындагы байыркы шаарлар болуп Ташкен, Букар, Самаркан, Хива, Шахрисабз, Карши, Термез жана Маргалаң эсептелет.", - "1551_p27": "Букар облусу (3)\n Жызак облусу (5)\n Кашка-Дарыя облусу (8)\n Навои облусу (7)\n Наманган облусу (6)\n Самаркан облусу (9)\n Сурхан-Дарыя облусу (11)\n Сыр-Дарыя облусу (10)\n Ташкен облусу (12)\n Баргана облусу (4)\n Хорезм облусу (13)", - "1551_p8": "XII — XIII кылымдын башында азыркы Өзбекстандын аймагы, 1219-1221 жылдары Чыңгызхандын моңголдору басып алган Хорезмшахтар мамлекетинин курамына кирген. Кийин Өзбекстандын аймагы Чыңгызхандын уулдары Жучу Хан менен Чагатайдын улустарынын курамына кирген.", - "1551_p2": "Ири шаарлары - Ташкен, Баргана (Фергана), Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.", - "1551_p23": "Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан.", - "1551_p14": "Орусыя империясы Өзбекстандын аймагын басып алуу аракетинин башында, бул аймакта үч мамлекеттик түзүлүш бар болчу, алар: Бухара эмирлиги, Кокон хандыгы жана Хива хандыгы. 1876-жылы Орусыя империясы Кокон хандыгын талкалаган, хандык жоюулуп, борбордук аймактары Фергана облусунун курамына кирген.", - "1551_p13": "1709-жылдан 1876-жылга чейин азыркы Өзбекстандын аймагында, «миң» деген уруусу түптөгөн Кокон хандыгы бар болгон.", - "1551_p35": "Өзбекстанда гезиттер өзбек, каракалпак, тажик, казак, орус жана башка тилдеринде басып чыгарылат.", - "1551_p21": "Деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктиги: Азирет-Султан чокусу, бийиктиги — 4643,3 м (Ысар тоо кыркасы). Деңиз деңгээлинен эң төмөнкү бийиктиги: Миңбулак чуңкурундагы Кулатай шордуу жери — −12,7 м (Кызыл-Кум чөлү).", - "1551_p29": "Калктын орто жыштыгы 1 чарчы чакырымга 65,8 адам. Калкынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусыя жана Украинадан кийин үчүнчү орунда турат.", - "1788_p0": "Тажикстан же Тажикстан Республикасы () — Борбордук Азиянын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүгүнөн Өзбекстан, Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Ооганстан менен чектешет.", - "1788_p3": "Табияты\nТажикстан – тоолуу өлкө. Аймагынын 93%ин Теңир-Тоо чокусу, Ысар-Алай, Памир системасына кирген тоолор ээлейт. Түндүгүндөгү курама кырка тоосу, Могол-Тоо менен Түркстан кырка тоосунун ортосунда Фергана өрөөнүнүн батыш чети жатат. Борбордук бөлүгүн Алай кырка тоосунун батышы, түндүк-батышын Түркстан (бийиктиги 5509 мге чейин, Пирамидальный чокусу), Заравшан (5489 м, Чимжарга чокусу), Ысар (4881) кырка тоолору ээлейт. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы ��амир бийик тоо системасында О. Азиядагы эн бийик жер [бийиктиги 7495 м, Коммунизм (учурда Исмаил Самани) чокусу] жайгашкан. Түштүк-батышы жапыз (Вахш, Ысар ж. б. өрөөндөр). Климаты кескин континенттик. Өрөөндөр менен түздүктөрдөгү (500 м бийиктикке чейин) январдын орточо температурасы –1... –3°С (түштүгүндө), –20°С түндүгүндө, июлдуку түндүгүндө 27°С, түштүк-батышында 10–12°С, түштүгүндө 30°С. Жылдык жаан-чачыны 150–300 мм, түштүк-батышында 1200–2000 мм (500–1500 м бийиктикте). Негизги дарыялары: Сыр-Дарыя (куймалары Вахш, Пянж, Кафирниган), Исфара, Козу-Баглан, Аму-Дарыя, Кара-Суу, Ак-Суу, Заравшан. Ири көлдөрү: Кара-Көл, Сарез, Искендер-Көл, Жашыл-Көл. Суу сактагычтары: Кайрак-Кум («Тажик көлү»), Нурек, Фархад. Каналдары – Ысар, Дальверзин, Чоң Фергана, Түндүк Фергана (тажик жак бөлүгү). Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча таралат. Өрөөндөрү менен адырлары боз топурактуу келип, эфемер-шыбактуу (түндүк) жана эфемер өсүмдүктөрү (түштүк) өсөт. Адырлардын бийик бөлүгү жана тоо капталдары (2000–2500 м) түндүгүндө (күңүрт-боз топурактуу) буудайыктуу талаа, түштүгүндө (күрөн топурактуу) шыбактуу чөл өсүмдүктөрү менен капталган. Ушул эле алкакта ачык-күрөң топуракта арча, мисте жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 2500–3500 м бийиктикте дандуу жана шалбалуу талаа өсүмдүктөрү, 3000–3500 мден жогору альп шалбаасы таралган. Чыгыш Памирде суйдаң чөл өсүмдүктөрү, Батыш Памирде (3800 мге чейин) чөл жана жарым чөл, 4200 мге чейин шыбак-дан өсүмдүктүү талаа, андан жогору чөп өсүмдүктөрү басымдуу. Коруктар (Балка, Рамит, Жолборстуу Коо жана Даштижум) уюштурулган.", - "1788_p4": "Калкы\nЭлинин негизин тажиктер (79%) түзөт. Ошондой эле кыргыздар (19%тен ашык), памирлик кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Расмий тили – тажик тили. Мусулман динин (сүнөттөр) тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 56,3 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики – 66 жаш, аялдардыкы – 72. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 34,6), өлүм-житим төмөн (1000ге 6,6, ымыркайлардыкы жогору 1000ге 60,4). Шаар калкы 26,3%. Ири шаарлары: Дүйшөмбү, Кожент (Худжанд).", - "1788_p8": "Адабияты\nТажикстан адабияты элдик оозеки чыгармалардын таасиринде иран тилинин негизинде өнүккөн. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымынан диний-тарыхый жазма эстелик «Авеста», биздин заманга чейинки 4-кылымдан согд тилиндеги каттар, парфия тилиндеги дастандар, манихей динине байланыштуу тексттер кирет. Тажик адабий тили (фарси-дари) 7–10-кылымда калыптанган. Тажик поэзиясынын туңгуч классиги – Рудаки. 10-кылымдын 2-жарымында Абу Мансур Дакики классикалык казалдарын жана касыйдаларын жараткан. А. Фирдоусинин «Шах-намеси» – тажик жана иран поэзиясынын туу чокусу. 11-кылымдан Абу Али иби Сина, Омар Хайям ж. б. поэзияда философиялык лириканын өнүгүшүндө зор салым кошкон. Насир Хосров заманга ылайык прогрессчил идеяларды колдогон чыгармаларды жаратка��. 11–12-кылымда тажик адабиятында суфизм мотивдери байкалып, ашкере шаңдуу сарай поэзиясы өнүккөн. Ошол эле учурда көркөм проза («Кабуснаме», «Калила менен Димнанын» котормосу, «Синдбада-наме» ж. б.) да пайда болгон. Моңгол жапырыгы тажик маданиятына чоң зыян келтирген. Белгилүү маданият ишмерлери чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болушкан. Индияда Хосров Дехлеви классикалык ырларын, Амир Хирав «Хамса» («Бешилтик») поэмалар циклин, Кичи Азияда Жалаледдин Руми «Маснавин манави» («Насыят саптары») жана «Диван» («Ыр жыйнагы») чыгармаларын жараткан. Азербайжан акыны Низами да чыгармаларын негизинен фарсы тилинде жазып, тажик, иран адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Белгилүү перс акындары Саади, Хафиз, К. Хужанди, У. Зокони да тажик адабиятынын тарыхына закондуу түрдө кирген. 15-кылымда тажик маданиятынын О. Азиядагы жана Хорасандагы борборлору кайра жандана баштаган. Бул учурда А. Жами Герат шаарында жашап, адабий мектепке негиз салган. 16–19-кылымда тажик адабиятын негизинен герат адабий мектебинин салттарын өөрчүткөн. Алардын эң ирилери: Бинои жана Хилохи, Мушфики, С. Насафи, Бедиль. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында тажик тилиндеги адабияттын кедери кеткен. О. Азия Россияга кошулгандан кийин тажик адабиятында А. Доништин ысмы менен байланышкан агартуучулук агым пайда болуп, 20-кылымдын башында жадидизм агымын жолдогон жазуучулар чыккан. Октябрь революциясынан кийин тажик совет адабиятынын жаңыча өнүгүш доору башталган. Бул адабияттын төл башы – С. Айнинин «Азат маршы» (1918). 20-жылдары адабият майданына П. Сулаймони, Ж. Икрами, С. Жавхаризаде, М. Аминзаде, иран акыны акыны А. Лахути келген. С. Айнинин «Одина» (1924) повести жана «Дохунда» (1930) романы жазылган. 1930-жылдары тажик жазуучуларынын катарына М. Турсунзаде, М. Миршакар, С. Улугзаде, А. Дехоти, X. Рахими ж. б. кошулган. Согуштан кийин М. Турсунзаденин «Индия балладасы» жана «Хасан арабакеч», М. Миршакардын «Багынбас Пянж» поэмалары, Улугзаденин «Жаңырган жер», Ф. Ниязинин «Айныбастык», Р. Жалилдин «Шураб» романдары, С. Айнинин «Эскермелери» (1–4-бөлүк, 1949–54) жаралган. 1960–70-жылдары М. Турсунзаденин «Гангдан Кремлге чейин», М. Каноаттын «Сталинград үндөрү» поэмалары, Ж. Икраминин «Бухаранын он эки капкасы», С. Улугзаденин «Восе» романдары жарык көргөн. Белгилүү жазуучулары: А. Шукухи, Ф. Ансори, Ф. Мухаммадиев, Лонк Шерали, К. Карам ж. б. Адабият илими жана сыны боюнча Н. Масуми, И. С. Брагинский, А. Мирзоев, Ш. Хусайнзаде, А. Сайфуллаев сыяктуу адабиятчылары эмгектенет. Тажик жана кыргыз адабияттарынын өз ара байланышы абдан жакшы өөрчүгөн. С. Айни, A.JIaxyти, М. Турсунзаде, С. Улугзаде, М. Миршакар ж. б. акын-жазуучулардын чыгармалары кыргызчаланган. Тажик акын-жазуучуларынын айрым чыгармаларынан куралган «Памир жылдыздары» (1962); «Памир абасы» (1975) ж. б. антологиялык типтеги жыйнактар жарык көргөн. 1960–70-жылдары Кыргызстанда тажик адабиятынын, Тажикстанда эки сапар кыргыз адабиятынын күндөрү өткөрүлгөн.", - "1788_p13": "Колдонулган адабияттар\n “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9", - "1788_p6": "Чарбасы\nТажикстан – экономикасы жакыр өлкө. Чарбасын рыноктук ыкма менен жүргүзүүгө ыңгайлашууда. Экономикасында маанилүү орунду эмгек мигранттарынын которгон акчасы (негизинен Россиядан) ээлейт. ИДПнин көлөмү 13,8 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 950 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 59,2, өнөр жайдыкы 21,9, айыл чарбаныкы 18,9. Ири өнөр жай тармактарын мамлекет көзөмөлдөйт. Коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү металлдар, сымап, уран, алтын жана аз өлчөмдө күрөн көмүр, нефть, жаратылыш газы казылып алынат. Электр энергетика өнөр жайы өнүккөн. Вахш дарыясында жана каналында, Сыр-Дарыяда ГЭСтер курулган. Гидроэнергетика ресурстары боюнча дүйнөдө 8-, КМШда 2-орунда (Россиядан кийин). 2009-жылы 16,1 млрд кВт∙с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен ГЭСтен). Ири өнөр жай тармактары: Тажик алюминий заводу (Турсунзаде шаарында), жылына 500 миң тонна өндүрөт; негизинен сырттан алынып келинген продукциянын негизинде, жеңил (пахта тазалоо, кебез жана жибек кездеме, тигүү), тамак-аш, химиялык (жер семирткич). Кол өнөрчүлүк (анын ичинде килем токуу), сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Пахта, дан эгиндери, жашылча-жемиш, тамеки өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, бакчачылык (дарбыз, коон), жибекчилик өнүккөн. Мал чарбачылыгы эт-жүн, эт-сүт багытында. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 27,8, темир жолунуку 0,68. Экспортко алюминий, электр энергиясы, пахта, жемиш (анын ичинде кургатылганы), суу май (негизинен пахта майы), текстиль буюмдары чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Россия, Нидерланд, Түркия, Кытай, Казакстан.", - "1788_p5": "Тарыхы\nАрхеологиялык табылгаларга караганда Тажикстан аймагын адам төмөнкү палеолиттен баштап мекендеген. Тажикстанда биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымында согдулуктар, бактриялыктар ж. б. уруулар жашаган. Тажикстандын аймагы Орто Азиядагы байыркы кул ээлик мамлекеттер – Бактрия менен Согдуга караган. Биздин заманга чейинки 6-4-кылымда персия бийлигинде болгон. Биздин заманга чейинки 329-жылы А. Македонский басып алган. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын ортосунда Грек-Бактрия падышалыгына, ал кулаган соң Кушан падышалыгына караган. Ушул мезгилде алардын айыл чарбасы, кол өнөрчүлүгү менен соодасы өнүгүп, шаарлары өскөн. Биздин замандын 4-кылымында Кушан падышалыгы кулаган соң, Тажикстан аймагында Эфталиттер мамлекетинин курамына кирген бир катар княздыктар болгон. 6-кылымдын ортосунда эфталиттерди Түрк кагандыгы караткан. 4–6-кылымда Тажикстанда феодалдык мамилелер өнүгө баштаган. 7–8-кылымда арабдар басып алып, 9–10-кылымда Тажикстан ��ахириддер жана Саманиддер мамлекеттеринин курамына кирген. Саманиддердин мезгилинде тажик эли калыптанып бүтүп, Тажикстандын азыркы тарыхы башталган. Экономиканын өнүгүшү менен маданияты да гүлдөп, 10–11-кылымда атактуу окумуштуулар Ибн Сина, Бируни, акындар Рудаки, Фирдоуси ж. б. өз чыгармаларын жараткан. Феодалдык ич ара согуштардын натыйжасында Саманиддер мамлекети начарлап, анын ээлигин 999-жылы Караханиддер басып алган. Аларды 12-кылымда кидандар талкалаган. Тажикстанды 1219–21-жылдары моңголдор каратып, Чагатай улусуна бириктирген. 14-кылымдын 2-жарымында Тажикстандын басымдуу бөлүгү Тимурдун мамлекетине, ал кулаган соң Бухара хандыгына караган. 1860-жылы Тажикстандын түндүк бөлүгү Россия империясынын курамына кошулган. Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңген соң (1917), Тажикстан аймагында Совет бийлиги орногон. 1918-жылы апрелде Түркстан АССРи түзүлүп, Тажикстандын тең бөлүгү анын курамына кирген. 1918–23-жылдары Тажикстанда жарандык согуш болгон. 1920-жылы Бухара хандыгында (Тажикстандын көпчүлүк аймагы караган) элдик революция башталып, 1920-жылы октябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган. Кызыл Армиянын бөлүктөрүнөн түзүлгөн Гисар экспедициялык отряды 1921-жылы февралда Дүйшөмбүнү, мартта Кулябды бошоткон. 1921-жылдын күз айынан 1923- жылдын жай мезгилине чейин Тажикстанда басмачылардын отряддары күч алган. О. Азиянын улуттук мамлекеттик бөлүнүшүнүн натыйжасында 1924-жылы 14-октябрда ББАКтын сессиясы Өзбек ССРинин курамында Тажик АССРинин түзүлүшүн бекиткен. СССР БАКтын Президиумунун чечими боюнча Түндүк Памир 1925-жылы январда Тажик АССРинин курамына Тоолуу-Бадахшан АОсу болуп кошулган. 1929-жылы декабрда Тажик АССРи Тажик ССРи болуп кайра түзүлүп, СССРдин курамына кабыл алынган. 20-кылымдын 90-жылдарынын башындагы саясий окуялар СССРдин кулашына алып келип, жаны мамлекеттик түзүүлөр негизделген. 1991-жылы 9-сентябрда Тажикстан Республикасынын көз каранды эместиги жарыяланып, 21-декабрда КМШнын курамына кирген. 1992-жылы 5-майдан 1997-жылдын 27-июнуна чейин Тажикстанда жарандык согуш (өлкөнүн мурдагы президенти Р. Набиев жана анын жактоочулары менен оппозициянын ортосундагы карама-каршылык согушка алып келген) болгон. Согуш жылдарында өлкөнүн эл чарбасынын тарткан зыяны 10 млрд долларды түзүп, жүздөгөн адам жоготууларына алып келген. 1 млн адам жер которууга аргасыз болгон (анын ичинде 60 миңи Афганстанга өтүп кеткен). 1992-жылы Р. Набиев президенттиктен баш тартып, өлкө башчылыгына – Шурои Олинин төрагалыгына Э. Ш. Рахмонов (1994-жылы 6-ноябрдан өлкө президенти) шайланган. 1997-жылы 27-июнда бийлик менен оппозиция бир пикирге келип, республикада бул күн – «Улуттук биримдик күнү» мамлекеттик майрам деп белгиленген. 2000-жылы Тажикстандын улуттук акчасы – «сомони» киргизилген. 2009-жылы 5-октябрда «Тажикстан Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө » жаңы мыйзам кабыл алынып, республикада 5-октябрь – «Мамлекеттик тил күнү» деп жарыяланган.", - "1788_p7": "Билим берүүсү\nМектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, атайын орто, жалпы жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Тажикстанда 3,5 миң жалпы билим берүүчү мектеп бар. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 89%ти түзөт (2013). Жогорку окуу жайларынын көбү Душанбе шаарында жайгашкан. С. Айни атындагы мамлекеттик университети (1931), Абу Али ибн Сина атындагы мамлекеттик медициналык университети (1939), Тажикистан технологиялык университети (1990), ошондой эле ири музейлери, китепканалары иштейт. «Жумхурият», «Садои мардум», «Народная газета», «Халк овози», «Оила» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1958-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан, маалымат агенствосу 1974-жылдан иштейт.", - "1788_p9": "Архитектурасы жана сүрөт искусствосу\nТажикстан аймагында байыркы Орто Азиянын жергиликтүү жана көчмөн урууларынын маданий эстеликтери сакталган. Байыркы жана орто кылымдагы искусствонун өнүгүшүнө Тажикстандын Батыш жана Чыгыш соода жолдорунда жайгашып, Иран, Индия, Чыгыш Түркстан, Кытай ж. б. өлкөлөр менен маданий-экономикалык карым-катнашта болушу чоң таасир тийгизген. Тажикстанда биздин заманга чейинки 15–10-миң жылдыктагы аска беттериндеги жазуулар (Мургаб кыштагынан 40 км түштүк-батышта, Чыгыш Памир), коло доорундагы (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык) турак жай калдыктары, геометриялык оймо-чиймелүү одуракай карапа, жөнөкөй формадагы асем буюмдар, түштүгүндө, Вахш, Бешкент өрөөндөрүндө көчмөн уруулардын мүрзөлөрүнөн түрдүү карапалар (мискей, цилиндр формасындагы идиштер), коло бычак, шамшар, күзгү, төөнөгүчтөр табылган. Биздин замандын 5–8-кылымында Тажикстанда негизин мунаралуу дубалдар түзгөн турак жайлуу (Пенжикент) шаарлар, арабдар басып алгандан кийин Тажикстан архитектурасында мечит, мунара (минарет), медресе, күмбөз ж. б. мусулман салтына ылайык курулуштар пайда болгон. Мисалы, Исфаранын жанындагы Калай-Боло коргону, Хулбук сарайы (10–12-кылым), жогорку Заравшандагы Айни, Рарз, Фатмев минареттери, Регардын жанындагы Хожа-Нахшран (11–12-кылым), Хожа-Машад күмбөздөрү ж. б. 14-кылымдын аягы – 15-кылымдын башындагы тажик монументтүү зодчествосунун ири жетишкендиктерине; Мухаммед Башшар күмбөзү, Самаркан, Шахрисабз ж. б. шаарлардагы дүйнөгө белгилүү темурилер архитектуралары, Кулябдагы Мир-Сеид-Хамадинин күмбөзү, Наугилемдеги Абдулла-хандын мечити, Ленинабаддагы шейх Муслехеддиндин мечит-күмбөзү, Көк-Күмбөз мечити, Баба-Тага жана Ажинахан күмбөздөрү кирет. Тажикстанда Совет өкмөтү орногондон кийин шаарлар боюнча курула баштаган. 30-40-жылдары коомдук жайларды курууда орто кылымдагы Орто Азия сүрөт өнөрүнүн элементтери камтылган классикалык формалар колдонулган. 30-жылдардан эски материалдардын – кирпич, чопо, жыгач ордуна бышкан кирпич, бетон жана темир-бетон колдонула баштаган. Сүрөт искусствосу заманга жараша өнүгүүдө. Белгилүү сүрөтчүлөрү: A. М. Орлов, С. А. Хошмухамедов, А. Ашуров, С. Е. Захаров, В. И. Серебрянский, A. Т. Аминжанов, О. А. Ахунов, К. Жумагазин ж. б.", - "1788_p2": "Мамлекеттик түзүлүшү\nТажикстан унитардык мамлекет. Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (1994-жылдан Эмомали Рахмон). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент (Мажлис Оли). Тажикстанда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары – Тажикстан элдик-демократиялык партиясы, Тажикстан коммунисттик партиясы, Тажикстан. социалисттик партиясы, Тажикстан демократиялык партиясы, Тажикстан социал-демократиялык партиясы ж. б.", - "18351_p0": "Исфара – Тажикстандын түштүгүндөгү шаар (1952-жылдан). Исфара дарыясынын боюнда. Калкы 35,5миң (1991). Темир жол станциясы. Гидрометаллургия, жарык берүүчү техника жабдуулары, минерал боёктор ж. б. заводдор, консерва, курулуш материалдар комбинаты иштейт. 16-кылымдан белгилүү. Тарыхый-край таануу музейи бар. Исфарага жакын Абдулла-хан мечити (16-кылым), орто кылымга таандык Калай-Боло чебинин калдыктары, Хазрати-Баба мавзолейи (10–12-кылымдар, Чорку кыштагында) сакталган.", - "18351_p1": "Колдонулган адабияттар\n “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5", - "1962_p0": "Кытай (кытайча 中国; пиньинь Zhōngguó — Ортодогу мамлекет, кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет), расмий түрдө Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча: 中华人民共和国; пиньинь: Zhōnghuá Rénmín Gònghéguó) — Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана Орусия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Орусия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Ооганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнүн кичине бөлүгү Индия, Непал жана Бутан, ал эми түштүгүнөн Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Аянты 9,6 млн км2 (дүйнөдө Орусия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — Пекин. Расмий тили — кытай тили. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономиялык районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.", - "1962_p1": "Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), Шаңхай кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү\nАдминистрациялык-аймактык бирдиктери (2007:Эрмеков ИсламшерЭрмеков Исламшер", - "1962_p42": "Батыш Хань жана Чыгыш Хань мезгилинде бекемделген. Автордук поэзияда башкы орунду фу одалары — ыр жана кара сөз кезмектешкен көлөмдүү чыгармалар (бир нече жүз сапка чейинки) ээлейт. Хань доорунун белгилүү акындары: Мэй Шэн, Цзя И, Сыма Сянжу, Ян Сюн, Чжан Хэн. Хань доорунун лирикалык мурасы ошондой эле элдик лирика жана сатира ырлары — юэфуда сакталган. Кытай баяндама прозасынын байыркы үлгүлөрү болуп саналат.", - "1962_p12": "Кытайда 100 аялга 103 эркек туура келет. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15-59 жаш) 67,8%ти, 60 жаштан өткөндөр 14,3%ти түзөт (2007). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы 72,9 жыл (эркектердики 71,1, аялдардыкы 74,8 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 137 адам. Калк өлкөнүн чыгыш аймактарына, айрыкча Хуанхэ, Янцзы дарыясынын өрөөндөрүнө жана дельталарына жыш отурукташкан. Шанхайда калктын жыштыгы 1 км2 жерге 2880, Цзянсу провинциясында 740 адам туура келет. Өлкөнүн батышындагы тоолуу жана чөлдүү аймактарда калк салыштырмалуу сейрек отурукташкан (эң сейрек отурукташкан аймак Тибет автономия району, 1 км2 жерге 2,3 адам туура келет).", - "1962_p2": "Мамлекеттик түзүлүшү \nКытай — унитардык мамлекет. Конституциясы 1982-жылы 4-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы советтик типтеги республикалык Мамлекеттик бийликтин жогорку органы Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушу (ЭӨБКЧ), 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Чогулуштун сессиялары жылына бир жолу чакырылат, сессиялардын аралыгында мыйзам чыгаруу укугуна ээ болгон туруктуу комитет (155 депутат) иштейт. ЭӨБКЧ мыйзам чыгаруучу жогорку орган, мамлекеттик бюджет жана экономикалык өнүгүү пландарын ишке ашырат. ЭӨБКЧ мамлекет башчысын КЭРдин төрагасын (ыйгарым укугу 5 жыл, дагы бир мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу) жана анын орун басарларын ж. б. дайындап, КЭРдин аткаруучу жогорку органы Мамлекеттик кеңештин (өкмөт) курамын бекитет. Мамлекеттик кеңеш ЭӨБКЧнын аткаруучу жана мамлекеттик жогорку администрациялык органы, ага бардык мамлекеттик башкаруу органдары баш иет. КЭРдин Мамлекеттик кеңеши мыйзам чегинде нормативдүү актыларды кабыл алуу укугуна ээ. КЭРдин бийлик органдарына Кытай Коммунисттик партиясы (ККП) жетекчилик кылат. ККП өкүлдүк органдары аркылуу мыйзам чыгаруу ж. б. чөйрөлөрдө өзүнүн саясатын жүргүзөт. КЭРде көп партиялуу система орун алган. ККПден тышкары 8 саясий партия (жалпы саны 600 миңдей) бар.", - "1962_p21": "Чарбасы\nКытай — дүйнөдөгү эң ири жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (б991млрд доллар) боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки 2орунду ээлейт (дүйнөлүк ИДПнин 10,8%и). Аны киши башына бөлүштүргөндө 5292 доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,777 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээлейт). ИДПнин структурасында өнөр жай менен курулуштун үлүшү 49,2%ти, тейлөө чөйрөсү 39,1%ти, айыл чарбасы 11,7%ти түзөт. Кытайдын экономикасынын маанилүү жана өнүгүп жат��ан сектору — өнөр жайы өнөр жай продукциясынын наркынын 86,7%ин иштеп чыгуучу, 6,1 %ин тоо кен, 7,2%ин электр-энергетика, жылуулук, газ жана суу менен камсыз кылуучу тармактары түзөт (2006). Иштеп чыгуучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу жана металл иштетүү, химия (нефть-химия, химияфармацевтика), кара жана түстүү металлургия, жеңил жана тамак-аш. Негизги өнөр жай тармактарында маанилүү орунду көп профилдүү мамлекеттик ири корпорациялар түзөт.", - "1962_p34": "Кытай — мал чарбасынын негизги түрлөрүн (эт, сүт, жумуртка, бал, жибек буласы ж. б.) даярдоочу дүйнөдөгү бирден бир өлкө; негизинен ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылат. Мал чарбасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалар — тоют базасын жакшыртуу, малды сугаруучу таза суу менен камсыз кылуу ж. б. 2007-жылы Кытайда 139,6 млн чочко, 197,3 млн эчки, 172,0 млн кой, 7,2 млн жылкы жана качыр, 270 миң төө болгон. ошондой эле бардык жеринде үй куштары (тоок, өрдөк, цесарка, күрп ж. б.) асыралат. Калктын тамак-ашында балык жана деңиз продуктулары (моллюска, краб ж. б.) кеңири пайдаланылат.\nКытайдын экономикасынын алдынкы тармактарынын бири — тейлөө чөйрөсү. Ага дүң жана чекене соода, транспортту, байланышты жана кампа чарбасын тейлөө, кыймылсыз мүлк операциясы, финансы жактан тейлөө, далдалчылык, мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, администрациялык тейлөө, туристтерди тейлөө ж. б. кирет. Кытай улуттук банкы (алтын валютасынын резерви боюнча Кытай борбордук банкы — дүйнөдө 1орунда), саясий банктар (башкача айтканда өнүгүү, Айыл чарбасын өнүктүрүү, Экспорт-импорт, Соода, өнөр жай, Курулуш, ошондой эле көптөгөн коммерциялык жана кредиттик банктар, ж. б. камсыздандырууну тейлөөчү компаниялар, фонд биржалары (Шанхай, Шэньчженде), туристтерди тейлөөчү рынок ж. б. иштейт. Өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны боюнча (2006-жылы 22,2 млн турист) Кытай дүйнөдө 4-орунду (Франция, Испания, АКШдан кийин) ээлейт. Ички туристтердин саны 2006-жылы 1394 млнго жеткен (көбү — айыл жеринен келгендер), алардан түшкөн киреше 623,0 млрд юанды түзөт. Туризмдин негизги түрлөрү: маданий-таанып билүү (негизги борборлору: Пекин, Сиань, Шанхай, Гуанчжоу, Сянган, Ханчжоу), «кызыл» (элдик көтөрүлүшкө, революциялык окуяларга, ККПнин жетекчилеринин өмүр баянына жана ишмердигине байланыштуу жерлерге баруу); диний жана зыяратчылык; экол.; дарылоо-ден соолукту чыңдоо; этнографиялык; оюн-зоок; шопинг-турларга катышуу. 18,5 миң туристтик агентчилик иштейт.", - "1962_p3": "Табияты\nЖээги булуң-буйткалуу; чыгыш жээгинде Ляодун, Шандуң, түштүгүндө Лэйчжоубаньдао сыяктуу жарым аралдар бар. Түштүгүнө жана түштүк-чыгышына түздүктүү жана дельталуу жээктер мүнөздүү. Бийиктик амплитудасы -155 мден (Турпан ойдуңу) 8848 мге чейин (Непал менен чек арасындагы Жомолунгма чокусу Жер шарынын эң бийик жери). Кытайда субмеридиан багытында жаткан бир нече ири аймак өзгөчөлөнүп турат: Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкөсү; Чыгыш Кытай тоолуу өлкөсү; Чинлиң Юннан тоолуу өлкөсү; Түндүк Кытай платолору жана тоолору; Түндүк-Батыш тоолуу өлкөсү жана Тибет тайпак тоосу. Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкөсү Чоң жана Кичи Хинган кырка тоолорун, Ляоси тайпак тоосун, Манжур-Корей тоолорун камтыйт. Кытайдын түндүк-чыгыш четинде Ортонку Амур ойдуңу, анын түштүк-батышында тоо аралык ири түздүк Сунляо жайгашкан. Чыгыш Кытай аккумуляциялык түздүктөр облусу Улуу Кытай түздүгүн жана анын түштүгүндөгү Янцзынын ортонку жана төмөнкү агымдарын ээлеген ойдуңдарды (бийиктиги 200 мге чейин) камтыйт. Түштүк-Чыгыш тоолуу өлкөсүнө Кытайдын түштүк-чыгыш бөлүгүндө Янцзы дарыясынын төмөнкү агымынан Бакбо (Тонкин) булуңуна чейин жээктей созулуп жаткан Нанлиң, Уишан ж. б. тоолор кирет. Мында жапыз жана орто бийик тоо массивдери тоо аралык ойдуңдар менен кезектешип жатат; эрозиялык тилмеленүү, батыш бөлүгүнө рельефтин карсттык формалары мүнөздүү; кырка тоолору бири-биринен тектирленген жазы өрөөндөр менен бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүк четинде Сидзяң, Бейдзяң яжана Дуңдзяң дарыясынын дельталары пайда кылган түздүктөр жайгашкан. Чинлиң-Юннан тоолуу өлкөсү Тибет тайпак тоосунун чыгыш чети менен Кытайдын түштүк чек арасына чейин жазы тилке болуп созулуп жатат. Ага Чинлиң, Юннан-Гуйджоу тайпак тоосу, Сычуан ойдуңу кирет. түндүк Кытайдын платолору жана тоолору (бийиктиги 500—2000 м) Шаньси тайпак тоосун жана анын чыгыш уландысы Тайханшань кырка тоосун, Лёсстуу платону, Ордос платосун, Йиншан тоолорун камтыйт. Ордос, Лёсстуу платолорунан батышта, Куньлунь, Наньшань тоолорунан түндүктө Түндүк-Батыш тоолуу өлкөсү жайгашып, рельефинде бийиктиги 3000—5000 м болгон кырка тоолор (Моңгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо тармактары) тоо аралык ири ойдуңдар (орточо бийиктиги 900—1300 м; Жонгор түздүгү, Тарим ойдуңу, Турпан ойдуңу) менен кезектешип жатат. Кытайдын түштүк-батышында зор Тибет тайпак тоосу жайгашкан; анын чет-жакаларында бийик (600 мден жогору) жана узун тоо тармактары (Гималай, Кара-Корум, Кунлун, Нангшанг, Сина-Тибет тоолору) созулуп жатат.", - "1962_p43": "Биздин заманга чейинки 4—3-кылымда ( мисалы, «Көктүн уулу Мунун өмүр баяны» ж. б.), ошондой эле түздөн-түз Хань дооруна («Учуп жүргөн чабалакей Чжаонун расмий эмес өмүр баяны» ж. б.) таандык деп эсептелет. Биздин заманга чейинки 6—3-кылымында Кытай поэзиясында негизги ролду ши жана юэфу сыяктуу лирикалык жанрлар ойной баштайт. Чыгыш Хандын кыйрашы, өлкөнүн майдаланышы кытай коомунун руханий дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөргө алып келет: инсандык баалуулуктар, адамдын ички эркиндикке болгон укугу алдынкы орунга чыгат. Сүйүү лирикасы өзгөчө гүлдөгөн, сарай турмушун, аял сулуулугун жана сүйүү ырахатын даңктаган («Нефрит мунарасынын жаңы ыргактары» жыйнагы) «сарайлык стиль поэзиясы» (гун ти ши, 6-кылымдын 1-жарымы) пайда болгон. Бул мезгилдин ири ��кындары: Цао Чжи, Цзи Кан, Жуань Цзи (3-кылым), Тао Юаньмин, Се Линъюнь, Бао Чжао, Юй Синь (6-кылым).", - "1962_p55": "Колдонулган адабияттар\n “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9", - "1962_p8": "Кытайдын өсүмдүктөрү жалпы эки бөлүккө кургакчыл батышка жана нымдуу чыгышка бөлүнөт. Алардын ортосундагы чек болжол менен Тайханшань Циньлин Сина-Тибет кырка тоолору аркылуу өтөт. Нымдуулук жетишпеген батыш бөлүгүндө чөл, жарым чөл жана талаа, нымдуу чыгыш бөлүгүндө, жергиликтүү өсүмдүк курамында токой, токойлуу талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү басымдуулук кылат. Кытайдын чөлдөрү өсүмдүктөрүнүн өтө суйдаңдыгы менен өзгөчөлөнөт; ага бадалча (шыбак) жана бадал (караган) жамаатташтыктары мүнөздүү. Кумдуу чөлдөрүндө сөксөөл, дарак сымал баялыш, чекенде өсөт. Тарим ойдуңунун кыйла бөлүгүндө, Алашань чөлүндө жана Тибет тайпак тоосунун түндүгүндө өсүмдүк дээрлик өспөйт. Гобинин бийик түздүктөрүндө жана Ички Моңголияда чөл өсүмдүктөрү кургак талаанын жана жарым чөлдүн кылкандуу өсүмдүк-бадалчалуу жана бадалдуу жамааттыктары менен алмашат. Алашан чөлүнүн чыгыш бөлүгүнөн Ордос платосунун батыш бөлүгүнө чейин чөлдөшкөн талаа созулуп жатат. Шор баскан оёң жерлерди галофит өсүмдүктүү жана баялыштуу чөлдөр ээлейт. Бир аз нымдуураак жерлеринде (Лёсс платосунун түндүгүндө, Ички Моңголияда, өлкөнүн түндүк-батышындагы тоо этектеринде) чымдуу-кылкан өсүмдүктөрү таралган. Тибет тайпак тоосуна бийик тоонун кылкандуу-өсүмдүк-бадалчалуу чөл жана суук талаасы мүнөздүү (анда альп шалбаасы, жаздык сымал жана бадал өсүмдүктөрү да кездешет); тайпак тоонун (5атыш бөлүгүндө бадалчалуу жана суйдаң чөп өсүмдүктүү бийик тоо муздак чөлү басымдуу. СинаТибет тоолорунун бийик бөлүгүнө альп шалбаасы кездешкен жапыз өскөн кылкан өсүмдүктүү талаа, суу өрөөндөрүнө арча, табылгы өсөт.\nТокой өсүмдүктөрү (жалбырагын күбүүчү-дайыма жашыл аралаш токой зонасы) мурда Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш Кытайды дээрлик каптаган, бирок азыр табигый өсүмдүктөр бул аймактарда негизинен орто бийик тоолордо гана кездешет. Чоң жана Кичи Хинган тоолорунун этектерине ачык ийне жалбырактуу токой мүнөздүү, ал 1800-2000 м бийиктиктерде жалбырагын күбүүчү-кедр токойлору менен алмашат. 2500 м бийиктиктен жогору кездешкен кылкандуу же ыраңдуу өсүмдүктөр жогорулаган сайын тоо бадалдарына жана мамык чөп-эңилчектүү тундрага өтөт. Ийне-жазы жалбырактуу аралаш токой Чоң Хингандын чыгыш капталдарына мүнөздүү. Мелүүн алкактын жылуураак аймактарында жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу жана карагай-кызыл карагайлуу ийне жалбырактуу токой өсөт. Түштүк-чыгыш муссонго карата ылымта жаткан Түндүк-Чыгыш Кытайдын түздүктөрүн шалбаалуу талаа жана токойлуу талаа ээлейт. Чинлинг жана Наньлин кырка тоолорунун аралыгында, Янцзы дарыясынын ортонку жана төмөнкү агымдарында сезондуу нымдуу жазы жалбырак-ийне жалбырактуу субтропик токою таралган; анда лиана, бамбук ж. б. арбын кездешет. Токойдон жогору альп шалбаасы жатат. Юннан-Гуйджоу тайпак тоосунун түштүк-батыш бөлүгүнө, Лэйджоубандао жарым аралына, Тайвань, Хайнань аралына дайыма жашыл тропик токою, жалбырагын чала күбүүчү кургакчыл токой жана саванна мун өздүү. Сидзян дарыясынан түштүктү карай, деңиз жээктей мангр токоюнун кууш тилкеси созулуп жатат.", - "1962_p30": "Жеңил өнөр жай (кездеме, даяр кийим, бут кийим, териден, мехтен жана тыбыттан жасалган буюмдар кошо) Кытайдын өнөр жай дүң продукциясынын 8%ин өндүрөт. Текстиль жана тигүү өнөр жай продукциясынын үлүшү экспорттук нарктын 13%ин түзөт. Салттуу жана эң өнүккөн тармагы — текстиль өнөр жай, ал ийрилген жип, пахта, жибек, жүн, жут, кендир, кенеп, рами, химиялык булардан токулган кездеме ж. б. өндүрүштөрдү камтыйт. Кытай текстилди өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (2007-жылы 66 млрд м кездеме чыгарган); анын үлүшүнө дүйнөлүк экспорттук продукциянын 1/4и туура келет. Кебез кездемеден ийрилген жип (20 млн тонна ) жана токулган кездеме (23,6 млрд м) ата мекендик жана импорттук (Индия, АКШ жана Өзбекстандан алынып келинген) пахтадан даярдалат. Накта жибек кездеме чыгаруу Кытайда эзелтен өнүккөн. Тигүү өнөр жай дөйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн калкын арзан кийим-кече менен камсыз кылат. Булгаары-бут кийим өнөр жай ашатылган тери, булгаары кийим, бут кийим, сумка, кол кап ж. б. чыгарат. Кытай — бут кийимди көп чыгарган (2006-жылы 10 млрд жуп бут кийим) жана экспорттогон (7,7 млрд жуп) өлкө. Экспорттун товардык структурасында пластика жана резина бут кийимдер (4,4 млрд жуп), ошондой эле үстүн текстиль каптаган бут кийимдер басымдуу. Мехтен жасалган буюмдарды чыгаруу жана экспорттоо боюнча (дүйнөлүк экспорттун 1/ ине жакыны) дүйнөдө алдынкы өлкөлөрдүн катарында (суу суусарынын териси жана андан тон тигүү, түлкү жана жанат сымал иттин териси ж. б.). Кытай ошондой эле оюнчуктарды, карапа буюмдарын (фарфор, фаянс) чыгаруу жана экспорттоо боюнча дүйнөгө белгилүү.", - "1962_p9": "Кытайдын табигый ландшафты миңдеген жылдары ургаалдуу пайдаланылгандыктан, көп өзгөрүүлөргө дуушарланган. Жери түздөлүп, эгин эгилген, тоо капталдары тектирленген, канал, суу сактагыч, жолдор курулган, натыйжада аң, жарлар пайда болгон, кыртышы чөккөн, саздашкан, жемирилип эрозияга учураган. Кытайдын азыркы ландшафтын негизинен (өлкөнүн аянтынын 840/ои) табигый-антропогендик комплекстер түзүп, анда экинчи жолку ландшафттар басымдуулук кылат (61%); ландшафттардын антропогендик модификациясы аймактын 23% аянтын ээлеп, негизинен түздүктөрду жана жапыз тоолорду камтыйт. Шарттуу-жергиликтуу ландшафты (16°%) жетуугө татаал, чарбада пайдаланылбаган жерлерде гана сакталган. Экологиялык эң татаал кырдаал өлкөнүн калкынын 60°/ои жашаган, ири шаарлары жана ө��өр жай борборлору жайгашкан Чыгыш Кытайда жана Сычуан ойдуңунда түзүлгөн. Мындагы эң актуалдуу проблемаларга атмосферанын, суунун жана топурактын булгануусу, анын ичинде кислоталуу жаан-чачындын натыйжасы кирет. Азыр токой аянты кеңейтилүүдө (токой 175 млн гадан ашык аянтты ээлейт же өлкөнүн аянтынын 18°%и; 2008), жыл сайын 6 млн га жерге дарак отургузулат. Коргоого алынган 2350 табигый аймак уюшулган (анын 350су мамлекеттик корук; өлкөнүн аянтынын 15°%и). ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарынын тармагына коргоого алынган 26 табигый аймак (жалпы аянты 33,16 миң км2), суу-саздак жерге коргоого алынган 30 аймак кирет; 33 корук Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган: алар Тайшань, Хуаңшан тоолору, Сычуан провинциясындагы Чоң панда резерваты, Түштүк Кытай карсты ж. б.", - "1962_p39": "Билим берүүсү\nЭлдик революция жеңгенге чейин калктын 90%и сабатсыз болгон. 1949-жылдан баштап билим берүү системасы кайра түзүлгөн. 1956-жылы «маданий революция» учурунда билим берүү кризиске учураган. 1966—68-жылдары бардык окуу жайлары иштебей калган. Окутуу 1968—69-окуу жылында гана кайра башталган. 1970-жылдары билим берүүнүн жаңы системасы түзүлө баштаган. Мектептер ачылып, жогорку окуу жайлары калыбына келтириле баштаган. Мурдагы 12 жылдыктын ордуна, жалпы билим берүүчү 9 жылдык мектеп киргизилген. 7 жашка чейинки балдар мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган. Башталгыч мектепке 7 жаштан кабыл алынат. Кытайдын жогорку окуу жайлары Пекин, Цинхуа, Фудань, Ухань, Нанкай, Нанкин ж. б. шаарларында жайгашкан. Учурда акысыз милдеттүү билим берүү каралган. Билим берүү боюнча 1986-жылдагы мыйзамы 2006-жылы кайрадан каралып жаңыланган. Жалпы билим берүү системасы мектепке чейинки, базалык, толук эмес жана толук орто билим берүү болуп бөлүнөт. Кесиптик билим берүү үч баскычтуу — башталгыч, орто атайын адистик жана жогорку. Жогорку окуу жайларда бакалавриат (4 жыл), аспирантура, магистратура (2—3 жыл), докторантура (3 жыл) ошондой эле адистешкен 2—3 жылдык жогорку окуу жайлары иштейт. КЭРде 2 миңден ашык жогорку окуу жайлар бар. Кытайда академиялардын, университеттердин, элдик жана адистешкен китепканалар иштейт. Улуттук китепканалары: (1810, фонду 18 млн нуска, базасында 1999-жылы Улуттук электрондук китепкана түзүлгөн), Нанкиндеги (1907), Шанхайдагы (1952), Пекиндеги КЭР Илимдер академиясынын борбордук китепканасы ж. б. Кытайда 2300дөн ашык музей, анын ичинде Улуттук музейлери: Пекиндеги Гугун ак сарай комплекси (1420, 1914-жылдан музей), Шанхай байыркы искусство, Улуттук музей, Көркөм-сүрөт галереясы, Геология музейи ж. б. иштейт.", - "1962_p4": "Кытайдын аймагы тектоникалык жактан кембрийге чейинки платформа блокторунан (Кытай-Корей, түштүк Кытай, Тарим платформалары) жана аларды бөлүп турган бүктөлүү структураларынан турат. Бүктөлүү структуралары Урал Охота, Альп Гималай жана Батыш Тынч океан кыймылдуу зоналарына кирет. Магнитудасы 8,6га чейинки жер титирөөлөр болуп турат; акыркы (магнитудасы 7,9га жеткен) катуу жер титирөө 2008-жылы 12-майда Сычуань ойдуңунун түндүк-батыш чет жакасында болуп, анда 68 миң адам өлгөн. Кытайдын аймагы түрдүү кендерге бай; таш көмүрдүн, вольфрамдын, молибден-калайдын, сурьманын, сейрек жер элементтеринин, бариттин запасы боюнча Кытай дүйнөдө 1-орунду ээлейт. ошондой эле темир, марганец, алюминий, жез, никель, цинк, коргошун, сымап, алтын, платина, фосфорит, күрөң көмүрдүн да запасы мол. Кытайдын аймагында (ошондой эле шельфтеринде да) нефтинин дүйнөлүк запасынын 2%и, табигый күйүүчү газдын 0,8%и топтолгон.", - "1962_p53": "Киносу\nКытайда сырттан алынып келген кино тасмалары алгач 1896-жылы Шанхайда көрсөтүлгөн. Биринчи улуттук фильм 1905-жылы Пекинде тартылган («Динцзюнь тоосу» — классикалык баталдык спектаклден көрүнүш). Көркөм фильм 1913-жылдан чыга баштаганы менен кинематография чет элдиктердин колунда болгон. Кытай фирмасы кино тартууну 1917-жылдан баштаган. 20-жылдардан киностудияларда патриоттук сезим ойготор фильмдерди коюшкан. Юань Линь-юй, Цзинь Янь, Юань Му-чжи сыяктуу таланттуу актёрлор өсүп чыккан. «Балыкчынын ыры» фильми (1935, режиссёр Цай Чушен) эл аралык баага арзыган. Японияга каршы согуштун мезгилинде (1937-45) кино өтө аз чыгарылып, 1945-жылдан кийин көбүнчө Голливуддун (АКШ) фильмдери көрсөтүлгөн. КЭР түзүлгөндөн кийин (1949) жумушчулар жөнүндө туңгуч «Көпүрө» (режиссёр Ван Бинь) фильми тартылган. Кино ишканалары мамлекетке өткөндөн кийин «Кытай кыздары» (режиссёр Линь Цзы-фэн менен Чжай Цян), «Болот солдат» (режиссёр Чень Инь), «Партия кызы» (режиссёр Линь Нун), «Ак чач кыз» (режиссёр Ван Бинь менен Чжан Шуй-хуа) сыяктуу көркөм фильмдер чыгарылган. 1950-жылы Пекинде кинематографисттер институту түзүлгөн. «Маданий революция» учурунда (60-жылдардын 2-жарымы), жалаң даректүү кино коюлуп, 1969-жылдан өкмөт мүдөөсүнө ылайык гана «үлгүлүү» фильмдер тартылган. 1976-жылдан кийин тыюу салынган фильмдер кайрадан коюла баштаган. 1979-жылы «Дяньин ишу» («Кино искусствосу»), «Дачжун дяньин» («Массалык кино») журналдары чыккан. Көркөм фильмдер тартыла баштаган (1981 — 105 фильм, 1984 — 144). Алардын ичинен: «Мээнеткечтин күлкүсү» (1979, режиссёр Янь Яньцзин, Ден Иминь), «Башань тоосундагы түнкү жаан» (1980, режиссёр У. Юнган, У Игун), «Дары» (1981, режиссёр Люй Шаолянь), «Баткан күндүн көчөсү» (1983, режиссёр Ван Хаовэй) ж. б. Тайванда психол. сюжеттердин жактоочусу, режиссёр Хоу Сяосянь — «Уулумдун чоң куурчагы» (1983), «Кайгыдагы шаар» (1989) жана костюм боевигинин жанрында иштеген режиссёр Ли Ань «Аңдыган жолборс, жашырынган ажыдаар» (2000, «Оскар» сыйл.) фильмдерин тартышкан. Чжан Имоунун биринчи фильми «Кызыл гаолян» (1987) — жеке чыглыгы менен белгилүү болгон жаңы муундагы кинематографисттердин эркиндигин ачык көрсөткөн. «Баатыр» (2002), «Учуучу канжарлардын үйү» (2004), «Алтын гүлдүн каргышы» (2006) Чжан Имоунун акыр��ы иштеринен болгон. Кытай кинематографисттеринин фильмдери дүйнөлүк деңгээлге чыккан: Ван Цюаньандын «Айдын тутулушу» (1999, Экф сыйлыгы, Москва) жана «Туя күйөөгө чыгат» (2007, Берлин, ЭКФтин башкы сыйл.); Цзя Чжанкэнин «Саньсяндан келген боорукер адам» (2006, прокатта «Натюрморт», Венециядагы ЭКФтин башкы сыйлыгы) ж. б. Сянган (1978-жылдан), Шанхай (1993-жылдан), Чанчунь (1995-жылдан) эл аралык кинофестивалдары өткөрүлүп турат.", - "1962_p31": "Тамак-аш өнөр жай (даяр азык-түлүк товарлары, суусундуктар, тамеки кошо) ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылууга багытталган; негизги тармактары: ун тартуу, күрүч актоо, май, кант ж. б. өндүрүштөрү. Кытай тамеки продукцияларын чыгаруу жана пайдалануу боюнча дүйнөдө алдынкы орунда: кытай сигареталары адатта сапаты боюнча анча жогору эмес.", - "1962_p19": "1990-жылдары КЭРдин тышкы саясатындагы маанилүү маселе — Тайвань болгон. 1992-жылы тынчтык жол менен биригүү үчүн Пекин менен Тайбэйдин ортосунда сүйлөшүүлөр башталып, 1993-жылдан соода байланыштары түзүлгөн. КЭРдин эл аралык позициясынын чыңдалышы жана Батыш өлкөлөр менен анын экономикалык жана саясий кызматташтыгынын тереңдеши Сянган (Гонконг) жана Аомындын (Макао) тагдыры жөнүндө маселенин чечилишин тездеткен. 1984-жылдын 26-сентябрында аренда жөнүндө британиялык-кытайлык келишимдин 50 жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Улуу Британия менен КЭРдин алдын ала билдирген макулдашууларынан соң, 1997-жылы Сянган, 1987-жылы 13-апрелде Кытайдын Португалия менен түзгөн келишиминин негизинде 1999-жылы Аомынь Кытайга кайтарылып берилген. Кытай Япония (1978), Корея Республикалык (1992), Индия (1993), рФ (1994), Вьетнам (1995) ж. б. өлкөлөр менен достук жана кызматташтык мамилелерди түзгөн. 1993-жылдан Кытай рынок чарбасына өткөн.", - "1962_p51": "Музыкасы\nКытайдын салттык музыкасы 50дөн ашык улутту бириктирет: тай (жуандар, мяояо), түрк (уйгур, казак, кыргыз) элдери, тибеттиктер, моңголдор ж. б. Кытай музыкасынын тарыхы (б. з. ч. 6—5-кылым) Инь (Шан) доорунан башталат (Хэнань провинциясынан табылган сөөк чоор ж. б.). Байыркы Кытайда колдонулган «юэ» «музыка» (юэ, бул сөз 12-кылымдан белгилүү) түшүнүгү поэзия, бий, көркөм сүрөт деген түшүнүктөрдү туюндурган. 3000 элдик ырларды, ырым-жырым гимндерин камтыган «Шицзинь» («Ыр китеп», биздин заманга чейинки 11—6-кылым) — элдик ыр өнөрүнүн көөнөрбөс эстелиги. Ктайдын салттуу оркестринде 100дөй аспап болот: сэ, цин, пипа (чертме), ху, эрху, сыху, баньху (жаалуу), сяо, пайсяо, шен (үйлөмө), барабан, коңгуроо ж. б. Нота менен бизге жеткен туңгуч музыкалык чыгарма — Цю Мин (6-кылым) жазган «Юланьпу» пьесасы. Тан доорунда (7—10-кылым) 5 атайын музыкалык мектеп, актёр труппалары уюшулган. 10-кылымда Дуань Ань-Цзенин «Музыка жөнүндө жазуулар» деген музыкалык-теориялык трактаты жазылган. Сун доорунда актёр жана композитор Вэй ЛянФу, Мин доорунда Чжу Цзай-юй (12 баскычтуу үн катарынын системасын өркүндөткөн) музыкалык искусствону өнүктүрүүгө салым кошкон. 1919-жылы «4-майдагы» кыймылдан кийин революциячыл маанайдагы музыканттар патриоттук ырларды жаратышкан. «Маданий революция» музыка искусствосуна зор зыян алып келген. Окуу жайлар жабылып, көп музыканттар репрессияланган айыл жерлерине айдалган. КЭРдин түзүлүшү музыкалык маданиятын өнүгүшүнө зор түрткү болгон. музыкалык коллективдер түзүлүп, опера жаратууга аракет жасалган. 1980-жылдары музыка маданияты мамлекеттик реформанын негизинде батыш маданияты менен бирдикте өнүккөн. Жаңы музыкалык окуу жайлар, жогорку музыкалык окуу жайлары калыбына келтирилген. Кытайдын музыкалык жогорку окуу жайлары батыш композиторлорунун техникасынын таасиринде «жаңы толкундагы» бир катар композиторлорд у даярдашкан: Тан Дун (АКШда жашайт), Чэнь Циган (Францияда жашайт), Цзо Чжэньгуань (Россияда жашайт), Е Сяоган, Хэ Сюньтянь ж. б. Цзин Сяндын «Талаа» (1987), Го Вэнцзиндин «Жиндинин каты» (1994) опералары; Чень Цигананын «Кызыл чырактар» (2001) балети; симфониялык жана камералык музыкалык чыгармалар жаралган. Жаңы кытай музыкасына гонконгдун жана тайвандын ырлары таасир берген. Пекинде, Шанхайда эл аралык жана улуттук музыкалык фестивалдар өтүп турат. Кытайда 10 опера театры, 25 симфониялык оркестр, 25 музыкалык жогорку окуу жайлары, консерваториялар бар (2008).", - "1962_p17": "Япония 1931-жылы 18-сентябрда Кытайдын түндүк-чыгышын (Маньчжурияны) басып алып, Маньчжоуго мамлекетин негиздеген. 1935-жылы япондук башкаруу топторунун Нанкин өкмөтүнө таңуулаган жашыруун макулдашуусунун негизинде Гоминьдан түндүк Кытайдагы Япониянын басып алган аймактарын тааныган. Бирок ушундай шарттарда да Чан Кайшинин өкмөтү Кызыл Армияга каршы жортуулун уланта берген. Чан Кайшинин капитулянттык позициясы элдик толкундоолорго алып келип, Пекинде өкмөткө жана япондуктарга каршы патриоттук демонстрациялар өткөрүлгөн. 1936-жылы Гоминьдан Кытай Кызыл армиясына каршы согуш аракеттерин токтотууга мажбур болгон. 1937-жылы Япония Кытайды толугу менен каратып алуу үчүн кайрадан кол салып, түндүк, Борбордук жана Түштүк Кытайдын маанилүү райондорун жана Пекин, Тяньцзинь, Шанхай, Нанкин ж. б. шаарын басып алган. 1937-жылы 23-сентябрда Гоминьдан жетекчилиги ККП менен кызматташуусун билдирген. 1937—45-жылдары япон баскынчыларына каршы Кытайда улуттук-боштондук согуш башталган. 1937-жылы 21-августта кол салышпоо жөнүндө советтик-кытайлык келишим түзүлүп, СССР Кытайга 250 млн доллар заём берип (курал-жарак ж. б. сатып алууга), 3,5 миң аскер адистерин (анын ичинде ыктыярдуу учкучтарды) жиберген (шаарларын коргоо үчүн), ошондой эле Ы. Чыгышта топтолгон куралдуу күчтөр менен япондуктардын Квантун армиясын талкалап, япондук оккупанттык режимди кулатууга көмөктөшкөн. 1945-жылы 2-сентябрда Япония өзүнүн капитуляциясы жөнүндө актыга кол койгон. 1946-жылы 10-январдагы согуштук аракеттерди токтотуу жөн��ндө Гоминьдан менен ККП өкүлдөрүнүн түзгөн келишимине карабастан, Кытайда улуттук-боштондук согуш башталган. АКШнын колдоосуна (Гоминьданга 6 млрд доллар өлчөмүндө согуштук жардам берип, Кытайдын саясий турмушун, финансы жана экономикасын көзөмөлдөгөн) таянган Гоминьдан аскерлери япондуктардан бошотулган аймактарды басып алуу аракетин жасашкан. Кытай армиясынын күчү менен 1949-жылы Кытайдын бардык аймагы бошотулуп, Чан Кайши 2 млнго жакын талапташтары менен Тайванга качып кеткен. Кытай элинин улуттук-боштондук согушу (1946—49) элдик-демократиялык революциянын жеңиши менен аяктаган.", - "1962_p16": "Орус революциясынын (1917) жеңиши Кытайга зор таасир тийгизген. Кытайда жумушчу кыймылы күчөп, 1921-жылы Кытай Коммунисттик партиясы негизделген (ККП). 1921-жылы апрелде Кытай Республикасынын убактылуу президенттигине Сунь Ятсен шайланган. Анын «империалисттерге» каршы биргелешип күрөшүү өтүнүчү боюнча 1923-жылы Советтер Союзунан Гуанчжоуга саясий жана аскер кеңешчилери (М. М. Бородин, В. К. Блюхер ж. б.) келип, Улуттук-революциялык армиясын (УРА) түзүүгө жана курал-жарак жагынан ж. б. жардам беришкен. Кытайлыктардын империалисттерге каршы массалык күрөшү бурж.демокр. революцияга (1925—27) айланган. 1925-жылы 1-июлда Гуанчжоу өкмөтү өзүн Улуттук Кытай өкмөтү деп жарыялаган. 1926—27-жылдары УРА Гуанси, Гуйчжоу провинцияларына жана Хунань провинциясынын түштүк бөлүгүнө ревялык бийлик орнотуп, Хунань, Хубэй, Цзянси, Фуцзянь провинцияларын, Шанхай, Нанкин шаарын бошоткон. Революциялык кыймылдын кулач жайышынан жана батыш мамлекеттеринин интервенциясынан чочулаган Кытай улуттук буржуазиясы революциядан баш тарта баштаган. 1927-жылы 12-апрелде УРАнын башкы командачысы Чан Кайши башында турган Гоминьдандын оң канаты Шанхай, Нанкин, Гуанчжоу, кийинчерээк Уханга контрреволюциячыл (Ухандагы солчул гоминьданчылардын өкмөтүнө каршы) төңкөрүш уюштуруп, Улуттук өкмөт түзгөн. ККПны мыйзамсыз деп жарыялап, профсоюз жана дыйкан уюмдарын таркатып, өлкөдө «ак террор» (1927-жылдын апрелинен 1928-жылдын июль айына чейин Кытайда 337 миң революционер репрессияланган) өкүм сүргөн. 1927-жылы Кытайда Кызыл Армия жана революциялык-демократиялык бийликтин жергиликтүү органдары — Советтер түзүлгөн. ККП Кызыл Армияга таянып, Чан Кайшинин өкмөтүнө же гоминьдан режимине каршы куралдуу күрөш баштаган. 1927—37-жылдары Кытайда жарандык согуш башталган.", - "1962_p10": "Калкы\nКытайда 56 этностук топ расмий катталган. Сина-тибет тилдеринде сүйлөгөндөр өлкөнүн калкынын 94,3/ин түзөт, анын 91,5°%и кытайлар (хань), 0,8%и хуэйлер, 0,2%и байлар; тибет-бирма элдери 1,8%ти түзүп, негизинен Түштүк-Батыш Кытайда жашайт. Тай-кадай тилиндегилер (негизинен Түштүк Кытайда) 2,3%ти, мяо-яо тилиндегилер (Түштүк Кытайда) 0,9%ти, алтай тилиндегилер (негизинен түндүк жана Түндүк-Батыш Кытайда) 2,2%ти, түрк элдери (уйгур, казак, кыргыз, салар, юйгу, өзбек, та��ар) 0,8%ти, моңгол элдери 0,5%ти, корейлер (Кытайдын түндүк-чыгышында) 0,2% ти түзөт. ошондой эле Кытайдын түндүк-батыш чет-жакаларында памирликтер (сарыколдуктар, вахандыктар), Түштүк Кытайда австралия-азия тилинде сүйлөгөндөр, мон-кхемерлер, вьеттер (цзин), Тайванда австронезиялык-гаошандар жашайт. Кытайдын калкы дүйнөнүн калкынын 1/5 бөлүгүн түзөт.", - "1962_p35": "Транспорт \nТранспорт тармагы аймактар боюнча бирдей жайгашкан эмес; негизги транспорт коридорлору (меридиан жана кеңдик багытта кесилишкен магистралдары) өлкөнүн чыгышындагы жана түштүк-чыгышындагы экономикалык жактан өздөштүрүлгөн аймактарды камтыйт; ага негизги жол тоом тармактары жана негизги транспорт агымдары туташтырылган. Автомобиль, авиация жана куур транспорттору өнүккөн. Темир жолунун жалпы узундугу 72,1 миң км (2006; анын 24,4 миң кми электрлештирилген). Темир жол тармагынын меридиан боюнча кеткен негизги 6, кеңдик боюнча созулган 5 мегистралы бар; ошондой эле жээк аралдарын кургактык менен туташтыруучу паромдук катнаштар да арбын. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 3573 миң км (2007; жогорку ылдамдыктагы автомагистралдардыкы 53,6 миң км; эң жыш автомобиль жолдору өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө). Суу транспорту өнүккөн. Кытайдын деңиздик коммерциялык флоту 1822 кемени (анын ичинде жүк, нефть, контейнер, автомобиль, жүргүнчү ташуучу кемелери, танкерлер, круиздик лайнерлер ж. б.) камтыйт. Универсалдык (жүк жана жүргүнчү ташуучу) ири порттору: Шанхай (дүйнөдөгү ири деңиз порту жана Кытайдагы жүк ташуучу негизги порт), Нинбо, Сянган, Тяньцзинь (Пекиндин аванпорту), Циндзо, Дальянь, Циньхуандао ж. б. Ички суу жолунун жалпы узундугу 123,4 Гуандун провинциясындагы автомагистраль түйүнү. миң км. Янцзы дарыясынын алабында кеме каттоочу каналдар көп, анда 1400дөн ашык дарыя порту бар. Кытайда 467 аэропорт бар (анын 147си жарандык; 2008). Эл аралык ири аэропорттору: Пекин-Шоуду, Сянган (Гонконг), Гуанчжоу, Шанхай-Пудун, Шанхай-Хунцяо, Шэньчжень ж. б. Магистралдык нефть куурларынын жалпы узундугу 15256 км. Магистралдык газ куурлары да бар. Пекин, Шанхай, Тяньцзинь, Гуанчжоу, Ухань, Сянган ж. б. шаарларында метрополитен иштейт. Экспортко чыгарган негизги продукциялары: машина куруу (анын ичинде электроника — компьютер, телекоммуникация жабдуулары жана приборлору, телевизор, уюлдук телефон ж. б.) жана электртехника (электр-тиричилик приборлору ж. б.) өнөр жайынын продукциялары, транспорт каражаттары (деңиз кемеси, автомобиль), жол куруу машиналары, даяр кийимдер, текстиль буюмдары, кара жана түстүү металлдар ж. б. Экспорттук соода шериктери: АКШ, Япония, Корей Республикасы, Германия. Негизги импорттук товарлары: машина куруу продукциялары (машина, жабдуулар жана приборлор, анын ичинде аларды комплекттөөчү тетиктер, агрегаттар, ошондой эле эсептөөчү техника каражаттары, оптика приборлору, мед. жабдуулар ж. б.), нефть жана күйүүчү-майлоочу материалдар, пластмасса ж. б. органикалык химия продукциялары, кара металл продуктулары, жез ж. б. Импорттук соода шериктери: Япония, Корей Республикасы, АКШ, Германия.", - "1962_p33": "Кытайдын негизги азыгы — күрүч. Дүйнөдөгү шалы аянтынын 1/3и Кытайга таандык; жогорку сапаттуу элита сортунун аянты кеңейүүдө. Күрүч жыйноо боюнча (185,5 млн тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3) дүйнөдө 1-орунда. Күрүчтүн 65%ке жакыны Янцзы дарыясынын алабынан, 17%и Кытайдын түштүк бөлүгүнөн, 12%и өлкөнүн шалы өстүргөн түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүнөн (Хуанхэ, Ляохэ дарыясынын алаптарынын), 6%и түштүк-Батыш Кытайдан жыйналат. Экинчи маанилүү азык-түлүк өсүмдүгү — буудай (анын аянты 23 млн га); түшүмү боюнча дүйнөдө 1-орунда (104,5 млн т ). Маанилүү азык-түлүк жана тоют өсүмдүгү — жүгөрү (түшүмү 145,5 млн т ; АКШдан кийинки 2-орунда). ошондой эле гаолян, таруу, чумиза, арпа, кара күрүч, картөшкө (дүң жыйымы боюнча дүйнөдө 1-орунда), буурчак (негизинен АКШ, Бразилия, Аргентинага чыгарат) ж. б. Май алынчу өсүмдүктөрдөн — жер жаңгак (дүйнөдө 1-орунда), рапс, кунжут, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Кант алынчу өсүмдүктөр (бал камыш, кант кызылча) өстүрүлүүчү аянт 1,8 млн га (2006). Жашылча жана мөмө-жемиши (алма, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм, шабдаалы, банан, манго, ананас ж. б.), ошондой эле гүл өстүрүү өнүккөн. Чай өстүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда; 2007-жылы 1170 миң тонна чай жалбырагы жыйналган (дүйнөлүк жыйымдын 80%ке жакыны). Пахта жыйноо боюнча АКШ, Индиядан кийинки 3-орунду ээлейт (2007-жылы 7,6 млн тонна ). Кытай пахтага болгон ички муктаждыгын камсыз кыла албайт.", - "1962_p23": "Кара металлургия өлкөнүн өнөр жайынын негизги тармактарынын бири; анын продукциясынын негизги түрлөрүнүн өлчөмү боюнча Кытай — дүйнөдөгү эң алдынкы өлкө. Ишканалары негизинен жергиликтүү сырьёлорду жана отунду пайдаланат. Темир (292 млн тонна; казып алуучу негизги райондору: Хэбэй, Ляонин, Сычуань, Шаньдунь провинциялары, Ички Моңголия; Аньшань темир кен таш бассейни ж. б.) марганец (11 млн тонна; дүйнөдө алдынкы орунда), хромит (ички керектөөнүн 12—15%ин гана канааттандырат), ванадий (дүйнөдө 2-орунда; Сычуань провинциясы ж. б.) казылып алынат. 2007-жылы 328 млн тонна кокс өндүрүлгөн (дүйнөлүк өндүрүштүн 60%и). Чоюн (2007; 469,5 млн тонна), болот (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3 инен ашыгы), болот прокаты (468,4 млн тонна; 2006) өндүрүлөт. Өлкөнүн чыгышы кара металлургиянын эң ири борбору; эң ири металлургия комбинаттары Шанхай, Баошань, Мааньшань, Хуайнань, Нанкин ж. б. шаарларда жайгашкан. Кара металлургиянын 2-борбору — өлкөнүн түндүк-батышы (1450-жылдары Кытайдын кара металлургияга болгон муктаждыгынын 60%тен ашыгын камсыз кылган); түндүгүндөгү эң ири борбору — Пекин. \nТүстүү металлургия — Кытайдын дүйнөлүк рыноктогу абалын аныктаган негизги өнөр жай тармактарынын бири. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы — алюминий өнөр жай; анын негизги сырьёсу — боксит (2006-жылы 20 млн тонна өндүрүлгөн; дүйнөдө Ав��тралия, Бразилиядан кийинки 3-орунду ээлейт; 12%и); глинозём (19,5 млн тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 20%и, Австралиядан кийинки 2-орунда), жез (873 миң тоннадай), полиметалл кенташтарынан коргошун концентраты (1330 миң тонна), цинк (2840 миң тонна ; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ 4нен ашыгы), күмүш (2,7 миң тонна; дүйнөдө 3-орунда), калай (149 миң тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 40%тейи), вольфрам (72 миң тонна кенташ; дүйнөдө өндүрүлгөн вольфрам кенташынын 80%и), молибден (41 миң тонна; дүйнөлүктүн 23%и), никель (82,1 миң тонна;), кобальт, титан, сурьма (153 миң т; дүйнөлүк экспортун 80%и), висмут (дүйнөлүк өндүрүштүн 50%тейи ), сымап (75%тейи), сейрек жер элементтери (2007-жылы 120,8 миң тонна; экспорко 49 миң тонна; негизинен Ички Моңголияда) өндүрүлөт.", - "49731_p2": "Борбордук Азия\nАшуулар", - "49731_p1": "Колдонулган адабияттар\n «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4", - "78413_p4": "Кыргызстандын географиясы‎\nӨзбекстандын географиясы‎\nТажикстан‎\nӨрөөндөр‎", - "78413_p0": "Баргана (Фергана) өрөөнү, Баргана ойдуңу, Баргана — Орто Азиядагы тоо аралык ойдуң; Өзбек, Кыргыз, Тажик Республикаларынын аймагында жайгашат", - "78413_p2": "* \n Фергана\n Фергана облусу", - "78413_p3": "Колдонулган адабияттар \n Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2", - "78413_p1": "Үч бурчтук формасында болуп, түштүгүнөн Алай, Түркстан, түн.-батышынан Курама, Чаткал, түн.-чыгышынан Баргана тоо тизмеги м-н чектешет. Батышында кууш өткөөл аркылуу Ачталаа м-н туташат. Уз. 340 км, эң жазы жери 160 км, аянты 22000 км2. Ойдуңдун тегиз таманы деңиз деңг. 400–1200 м бийиктикте жатат; чет-жакалары 1000 мге чейин көтөрүлүп, андан ары айланасындагы тоолордун этектерине өтөт. Баргананын тектон. чуңкуру борпоң тектер м-н толгон. Өрөөндүн жайык таманы аккумуляция облусу болуп эсептелет; үстүнкү катмары төртүнчүлүк мезгилдин аллювий ж-а пролювий чөкмөлөрүнөн турат. Жайык тектирлердин бети (Сох, Исфара, Исфайрам-сай ж. б.) шилендилери м-н капталган. Түш.-чыгышта Баргананын негизги бөлүгүнөн неоген сары чопо, конгломерат катмарлардан турган адырлардын жазы тилкеси м-н бөлүнөт. Түн.-батышында Сырдарыяны бойлой палеоген-неоген тектеринен түзүлгөн Акбел (бийикт. 854 м), Мехаутаук (1009 м) жалчалары созулуп жатат. Адыр тилкеси мезозой-кайнозой м-н палеозойдун сланец ж-а акиташ тектеринен турган тоо тармактарына өтөт. Баргана өрөөнү — жогорку сейсмдүү район (батышында 7 балл, чыгышында 9 баллга чейин жер титирөөлөр болот). Өрөөндүн чет-жакаларында ж-а тегерегиндеги тоолордо мунай,таш көмүр, газ, темир, жез, полиметалл сымап, сурьма, күкүрт, таш, туз ж. Б-дын кендери бар. Өрөөндү курчаган тоолор түндүктөн соккон муздак аба массасын тосуп тургандыктан кышы мелүүн (январдын орт. темп-расы –2... —3°С), жайы кургак, жылуу (июлдуку 24–28°С). Жылдык жаан-чачыны ортоңку бөлүгүндө 200—220 мм, чыгышында 500 мм. Өрөөндүн аймагында Нарын м-н Карадарыя кошулуп, Сырдарыяны түзөт. Ал чыгыштан батышты карай агат. Айланасындагы тоолордон көп суулар агып түшөт; ирилери:Сох, Исфайрамсай, Исфара, Шаймерден,Акбуура, Гавасай ж. б. Булар сугатка кеңири пайдаланылгандыктан Сырдарыяга жетпейт. Агын суулары негизинен кар,жамгыр сууларынан куралат. Өрөөн жер астындагы сууларга да бай, алар кудуктар аркылуу алынат. Ойдунда Чоң Баргана, Түш. Баргана, Чоң Анжыян каналдары, Сырдарыяда Кайраккум суу сактагычы курулган. Баргана өрөөнүнүн боз топурактуу түздүктөрдүн жапыс адырларын шыбак- туу-эфемердүү чөл ж-а жарым чөл ээлейт. Мында шыбактан башка коңурбаш, жылгын, ыраң, терскен, трагакант, өрөөндүн бийик бөлүгүндө буудайык, арпакан, айрым жерлеринде бадам, мисте өсөт. Өрөөндүн батышындагы тоо этектеринде жайгашкан чөлдүү түздүктөрдүн көп жерин гипстешкен боз ж-а шагылдуу боз топурак ээлейт. Мында баялыш ж-а эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Шор ж-а аллювий шалбаа шор топурактары Сырдарыянын өрөөнүндө кеңири таралган. Ойдуңдун борб. бөлүгүндөгү кумдуу чөлдө сөксөөл, жузгун өсөт. Баргана, Чаткал кырка тоолорунун капталдарында жаңгак, алма, алча, жапайы жемиш токою бар. Баргана өрөөнү —пахтачылык, жибекчилик ж-а жүзүмчүк өнүккөн ири район. Оазистерде пахта, жемиш бактары, жашылча, жемиш, айрым жеринде жүзүм өстүрүлөт. Өрөөндүн борб. бөлүгүндөгү чөлдүү дың жерлер өздөштүрүлүүдө. Чөлдүү түздүктөр жыл бою жайытка, эфемер өсүмдүктүү адырлар жазгы жайытка пайдаланылат; дан өсүмдүктөр эгилчү кайрак жерлер бар. Өрөөн Орто Азиядагы калк эң жыш отурукташкан аймак, мында Кожент, Кокон, Баргана, Анжыян, Ош, Жалал-Абад, Наманган ж. б. ири шаарлар жайгашкан.", - "80916_p0": "Тайвань, (Кытай Республикасы) ( — Кытайдын аймагына кирген, бирок өз алдынча башкарууга ээ провинция. Кытайдын чыгышында, Тынч океандагы аралда жайгашкан. Борбору – Тайбэй шаары. Аянты – 35 834 чарчы чакырым (Кыргызстандан 5 жарым эсе кичине). Калкынын саны – 23 299 716 (2013-жылга карата). 98 пайызын этникалык кытайлар, 2 пайызын гаошань аборигендери түзөт.", - "80916_p8": "Тайвань учурда формалдуу түрдө Кытай Эл Республикасынын аймагы болуп эсептелгени менен, алардын көзөмөлүндө эмес. Бул эзелтен келе жаткан саясий көйгөй. Кытай Эл Республикасы Тайванды 1912-жылы түптөлгөн Кытай Республикасынын жалгыз укуктуу \"мураскери\" катары көрөт. Тайвань бул көйгөйдү чечүү үчүн БУУга кайрылып, көз карандысыздыкты алууну көздөсө, ал эми Кытай Тайванга Гонконг сыяктуу атайын статус берүүгө макул экендигин билдирген. Бирок макулдашуу азыркыга чейин боло элек.", - "80916_p2": "Өнүгүү жолу\nКытай Республикасы аралга 1949-жылдан ээлик кылгандан тарта өнүктүрүү иштерин жүргүзүү биринчи максат экенин түшүнүшкөн. Мао Цзедун Кытай Эл Республикасын социализмге багыттаса, Чан Кайши АКШ менен алака түзгөн. Мунун жыйынтыгында АКШ бир канча жылга финансылык жардам көрсөтүү менен Тайванга субсидия берген." -} \ No newline at end of file